Sign In
ГМО менен өнүмдөрдү байкоого оңоюраак болот

ГМО менен өнүмдөрдү байкоого оңоюраак болот

Depositphotos_33650639_s-2015.jpg
26.12.18
26-декабрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө гендик-модификацияланган организмдерди (ГМО) колдонуу менен жасалган өнүмдөрдү маркалоого карата кошумча талаптар киргизилет. Бирликтин "Тамак аш продукциясы аны маркалоо жагында" техникалык регламентине киргизилген жаңы ченемдер сатып алуучуларга тамак-аш товарларын баамдап жана туура сатып алууга мүмкүндүк берет.

"ГМО" белгиси эми ири шрифт менен, бирликтин рыногунда продукциянын жүгүртүмүнүн бирдиктүү белгиси – ЕАС жанында жазылат. Ошол эле учурда ГМО белгиси ЕАС белгисинин формасы жана өлчөмү боюнча шайкеш келиши керек.

Өзгөртүүлөр керектөөчүлөрдүн каалоолорун эске алуу менен Роспотребнадзор тарабынан иштелип чыгарылды. Документ бардык зарыл процедуралардан, анын ичинде ачык талкуудан жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык макулдашуудан өткөрүлдү, жана ал былтыркы жылдын декабрь айында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда кабыл алынган. Ошол эле убакытта жаңы талаптардын киргизилишине бизнестин ылайыкташуусуна он эки ай берилген.
 
Тамак аш продукциясын маркалоо жөнүндө техрегламенттин буга чейинки колдонулган редакциясы өндүрүүчүлөрдү сатып алуучуларды ГМО колдонулушу жана камтылышы (0,9 % жогору) туурасында төмөнкүдөй белгилөөлөр менен маалымдоого милдеттендирген: "гендик модификацияланган продукция", "гендик-модификацияланган организмдерден алынган продукция", продукция гендик-модификацияланган организмдердин компоненттерин камтыйт". Анткен менен мындай маалыматтар майда шрифт менен жана так аныкталган жерде эмес белгилениши мүмкүн болчу, мындан улам таңгакта аларды байкабай калууга шарт түзүлчү.
 
Техникалык регламент ГМО белгиси анын жеңил окулушун жана тамак аш продукциясынын бүтүндөй жарактуулук мөөнөтүндө көрүнүктүүлүгүн камсыздоочу ыкма менен жазылышын талап кылат.
 
Комиссиянын Коллегиясынын ушул жылдын 10-майындагы чечими менен өткөөл мезгил - 18 айга аныкталган, бул мезгилдин аралыгында техрегламент менен аныкталган, маркалоо боюнча милдеттүү талаптарга ылайык ГМО колдонуу менен алынган тамак аш продукциясын Бирликте өндүрүүгө жана жүгүртүмгө чыгарууга жол берилет.

Мындай товарларды даярдоочу тарабынан аныкталган жарактуулук мөөнөтүнүн аралыгында жүгүртүүгө болот.