Sign In
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму негизги инфекциялык эмес оорулар менен күрөшүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жетишкендигин белгиледи

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму негизги инфекциялык эмес оорулар менен күрөшүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жетишкендигин белгиледи

27.02.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногундагы тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу, аларда антибиотиктердин жана башка зыяндуу заттардын, анын ичинде трансмайлардын калдык көлөмдөрүн айкындоо Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) абдан тыгыз байкоосунун алдында турат. Негизги тобокелдик факторлорун, анын ичинде туура эмес азыктанууну жоюу, бардык жүрөк ооруларынын, инсульттардын жана диабеттин эң аз дегенде 80%, ошондой эле рак ооруларынын 40% алдын алышы мүмкүн.

Бул жөнүндө ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Игорь Гаевский 25-26-февралда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) менен биргеликте Комиссияда өткөрүлгөн, инфекциялык эмес оорулардын (ИЭО) алдын алуу үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында саясатты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча семинарда айтып өттү.

«Климаттын жана курчап турган чөйрөнүн үзгүлтүксүз өзгөрүшү, тамак-аш продукциясын өндүрүү жана жеткирүүнүн глобалдык тутумдарынын өнүгүшү керектөөчүлөргө, өнөр жайга жана жалпы эле планетага өз таасирин тийгизүүдө: тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу тутумдары ошол өзгөрүүлөрдүн темпине ийкемделиши зарыл», – деп Игорь Гаевский баса белгиледи.

Анын айтуусу боюнча, Евразия экономикалык комиссиясы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында ЕАЭБдин бажы аймагында адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосу жана ден соолугу, курчап турган чөйрө үчүн коопсуз продукциянын эркин жүгүртүлүшү үчүн бирдиктүү укуктук талаанын түзүлүшүн камсыз кылат.

БДСУнун Европа бюросунун Инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү боюнча кеңсесинин жетекчиси, доктор Жоао Бреда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык комитети 2016-2025-жылдарга карата БДСУнун Европа регионунда ИЭОнун алдын алуу жана алар менен күрөшүү боюнча иш чаралардын планын кабыл алды деп билдирди. Максат – 2030-жылга чейин инфекциялык эмес оорулардан улам өлүмдөрдүн санын үчтөн бир бөлүккө кыскартуу. Пландын алкагында БДСУнун башка милдеттери – тамак-аш продукциясында, башкалар менен катар, жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу тобокелдигин жогорулаткан май кислоталарынын трансизомерлерин колдонууга тыюу салуу. Буга байланыштуу Жоао Бреда «бул маселеде ЕАЭБ мамлекеттери олуттуу прогресске жетишишти» деп белгилеп өттү.

Ал, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык механизмдерди пайдалануу менен, азыктардын коопсуздугу маселелерин чечүүгө жана калктын саламаттыгынын деңгээлин жогорулатууга уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду деп баса белгиледи.

Эскерте кетсек, өткөн жылы, өткөөл мезгил аяктагандан кийин, май продукциясында май кислоталарынын трансизомерлеринин жол берилген деңгээлде камтылышы боюнча Бирликтин май продукциясына карата техникалык регламенти менен бекитилген катаал ченемдер күчүнө кирген. Бул колдонууга даяр азыктарга гана эмес, нан жана кондитер азыктарын даярдоодо колдонулуучу азык-түлүк чийки затынынын көп сандаган аталыштарына, сүт камтыган азыктарга жана сүт майын алмаштыруучу заты бар балмуздакка, спреддерге, кулинардык азыктарга ж.б. да тиешелүү. Катуу, жумшак жана суюк маргариндерде, сүт майын алмаштыруучу заттарда жана атайын багыттагы майларда трансмайлардын өлчөмү тамак-аш азыгында майдын жалпы өлчөмүнүн 2%ынан көп эмести түзүүгө тийиш. Мурда мындай азыктарда трансизомерлердин 8дан 20%га чейин камтылышына жол берилчү.

Семинардын катышуучулары Бирликтин ар бир өлкөсүнүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органы бар экендигин баса белгилешти. Ошого карабастан, БДСУнун Европа регионалдык бюросу тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө ЕАЭБдин кээ бир өлкөлөрүндө тамак-аш азыктарында өндүрүштүк трансизомерлердин дагы деле абдан чоң көлөмдөрү табылган. Өткөөл мезгилдин аякташына байланыштуу, мүчө мамлекеттер тамак-аш продукциясынын май кислоталарынын трансизомерлеринин камтылышы боюнча техникалык регламент менен белгиленген нормаларга шайкештигин камсыз кылышат деп күтүлүүдө.

ЕЭКтин өкүлдөрү жана Бирликтин семинарга катышкан ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана инфекциялык эмес оорулар менен күрөшүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө келишишти. Атап айтканда, ЕЭК жана БДСУ Комиссиянын жана Европа регионалдык бюросу аркылуу иш алып барган Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшат.