Sign In
Тигран Саркисяндын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусу болуп өттү

Тигран Саркисяндын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусу болуп өттү

01.JPG
27.05.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 27-майда Нур-Султанда (Казакстан) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунун алдында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖЕЭКтин Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаевдин Евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын беш жылдыгына арналган отурумунун күн тартибин талкуулашты.
Тигран Саркисян, жүрүшүндө андан аркы Евразиялык интеграция процесси талкуулануучу, алдыда боло турган отурумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Бирликтин өлкөлөрүнүн көп пландуу өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурду.