Sign In
ЕЭК министри Татьяна Валовая жакынкы келечекте ЕАЭБ жана Чилинин ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

ЕЭК министри Татьяна Валовая жакынкы келечекте ЕАЭБ жана Чилинин ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

27.07.17

Бажы кызматташтыгы, санариптик күн тартип жана агрардык сектордогу кызматташуунун перспективалары 2018-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Чилинин ортосунда өз ара иштешүүнүн артыкчылыктуу багыттары болмокчу. Бул туурасында 26-июлда Москвада өткөн жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Чили Республикасынын тышкы иштер министринин соода боюнча орун басары Паулина Назаль макулдашышты.

ЕАЭБтин жаңы Бажы кодекси күчүнө кирүүсүн эске алуу менен бажы маселелери боюнча эксперттик консультацияларды өткөрүү белгиленген. Мындан тышкары, ЕЭК менен Чили өкмөтүнүн ортосунда өз ара аракеттешүү боюнча биргелешкен комиссиянын жылдык отурумунун алкагында ЕАЭБтин жана Чилинин санариптик күн тартиби боюнча пикир алмашуу, агрардык өнөр жайда, анын ичинде балык уулоо жагында кызматташтыктын перспективдүү багыттары боюнча тармактык консультацияларды өткөрүү пландаштырылат.

“Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн арасында ЕАЭБ менен кызматташтыкты өнүктүрүү жагында Чилини жол баштоочу деп айтууга болот. Бул өлкө менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу жолу менен байланыштарды жол-жоболоштуруудан кийин бул өлкө менен кызматташтык өнүгүүдө, ал эми Чили Республикасы ЕЭК үчүн аймактагы негизги өнөктөш болуп калды, - деп белгиледи министр. - Биз 2017-2018-жылдарга иш-аракеттердин планын түзүп, ЕАЭБте Чилинин жана Чилиде Биримдиктин экспорттук кызыкчылыктагы товарларынын тизмеси менен алмаштык. Бул ЕАЭБ менен Чилинин ортосунда товар айланымын көбөйтүү боюнча иш-аракеттерди өстүрүүгө мүмкүндүк берет”.

Чили ЕАЭБ өлкөлөрү менен өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүүнүн үстүндө жигердүү иштөөдө.  Өткөн жылы биргелешкен комиссиянын 2-отуруму өткөрүлгөндөн кийин Чилинин расмий жана ишкер чөйрөлөрүнөн турган делегация Беларусь Республикасына Армения Республикасына барган. Быйылкы жылы расмий жана ишкер чөйрөлөр менен жолугушууларды өткөрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн, атап айтканда, аквамаданият жагында, мүмкүнчүлүктөрдү издөө үчүн Кыргыз Республикасына баруу пландаштырылган. Чилинин делегациясы бул өлкөгө биринчи жолу бармакчы. Чили менен ЕЭКтин кызматташтыгы республикага Евразия аймагында жаңы өнөктөштөрдү ачууга мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Паулина Назаль Тынч океан альянсынын - Мексиканын, Чилинин, Колумбиянын жана Перунун интеграциялык бирикмесинин - көп тараптуу деңгээлде ЕЭК менен байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкчылыгын эскертти.  Ал мындай өз ара иштешүү кызматташтыктын горизонтторун кеңейтерин белгилеп өттү.

Маалымат
ЕЭК жана Чили өкмөтүнүн ортосунда кызматташтык Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жүзөгө ашырууда.  Документке 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган. Меморандумга ылайык жыл сайын биргелешкен комиссиянын отурумдары өткөрүлөт.

2015-жылдын 2-октябрында Сантьяго шаарында биргелешкен комиссиянын 1-отуруму болуп өткөн.

2016-жылдын 26-сентябрында Москва шаарында биргелешкен комиссиясынын 2-отуруму болуп, анын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү үчүн эркин соодалашуу аймагы (ЭСА) боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө тажрыйба алмашуу боюнча семинар болуп өткөн.

2017-жылдын 20-21-мартында Сантьяго шаарында биргелешкен комиссиянын 3-отуруму өтүп, анын жыйынтыгы боюнча алдын ала макулдашууларга ылайык иш-аракеттердин планы бекитилип жана экспорттук кызыкчылыктын товарларынын тизмеси менен алмашуу болгон. Отурумдун алкагында техникалык жөнгө салууга, ЕАЭБте санитардык, фитосанитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонууга арналган семинар болуп өтүп, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу жана мамлекеттик сатып алуулар системасынын маселелери талкууланган.