Sign In
ЕЭК жана «Макдоналдс» кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты

ЕЭК жана «Макдоналдс» кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты

IMG08690.jpg
27.08.19

Куш этинин коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясында ушул жылдын күз айларында эле каралышы мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян «Макдоналдс» компаниясынын Россиядагы башкы директору Марк Карена менен Комиссиянын штаб-квартирасындагы жолугушууда билдирди. Тараптар аталган компаниянын жана жалпы эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштуктарынын бизнесине таасир этиши мүмкүн болгон маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кеп биринчи кезекте азык-түлүк продукциясына карата техникалык регламенттер жөнүндө болууда.

«Биз бизнес-коомдоштук менен байланыштарга чоң маани беребиз. Бул биздин ченем жаратуучулугубуз бизнеске кандай таасир беришин түшүнүү үчүн зарыл, – деди Тигран Саркисян. – ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануубуз маанилүү».

Марк Карена өз кезегинде ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жана жалпы эле Комиссиянын ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес алып баруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү аракеттерин белгилеп өттү. Ал ишкердик коомдоштук менен өз ара аракеттенүүгө Комиссиянын мамилелери тууралуу позитивдүү пикирин билдирди.

«Биздин негизги максат – атаандаштык чөйрөнү колдоо жана региондогу өнүгүүнү улантуу. Биз кызматташтыкка кызыкдарбыз, куш эти боюнча жаңы техникалык регламенттин иштелип чыгышын кубаттайбыз жана анын жакын арада кабыл алышына позитивдүү көз караштабыз», – деди Марк Карена. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, «Макдоналдс» 120дан ашуун өлкөдө иштейт. Анын ичинде Россияда, Беларуста жана Казакстанда. Россияда продукциянын 98% чамасындай өлчөмүн ата мекендик жеткирүүчүлөр – агроөнөр жай комплексинин 160тан ашуун ишканалары камсыз кылат.

«Макдоналдстын» россиялык бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн пикири боюнча, куш эти боюнча жаңы техникалык регламент аталган өнүмгө карата талаптарды максималдуу так сыпаттайт жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Ошондуктан, куш этине жаңы талаптардын күчүнө кириши аяккы керектөөчү үчүн продукциянын коопсуздугуна жана сапатына оң таасир берүүгө тийиш.

Тараптар кызматташтык жөнүндө, жана учурдагы да, калыптанып жаткан да ченемдик базага байланыштуу маселелерди биргелешип талкуулоо жөнүндө келишишти.​