Sign In
ЕЭК министри Карине Минасян: «Санариптик көзөмөлдөө ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарсыз чөйрөнүн негизи болуп саналган өздүк тартипти жана ишенимди жогорулатат»

ЕЭК министри Карине Минасян: «Санариптик көзөмөлдөө ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарсыз чөйрөнүн негизи болуп саналган өздүк тартипти жана ишенимди жогорулатат»

2.jpg
27.09.19
Өз ара соода жүргүзүүдө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы – миф же реалдуулук. Бул тема 26-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» форумунун алкагындагы «ЕАЭБдин ички рыногу – мифтер жана реалиялар» деп аталган сессияда орун алган дискуссиянын жүрүшүндө талкууланды.

Иш-чаранын спикерлери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян, ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаментинин директору Илья Чёрный, Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Кубатбек Рахимов жана башкалар болду.

Талкуунун катышуучулары ЕАЭБдин ички рыногундагы учурдагы тоскоолдуктарды талдашты, аларды жоюу боюнча ЕЭКтин мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришти.

ЕЭК министри Карине Минасян оң тенденциянын болушун белгиледи – тоскоолдуктардын саны туруктуу азаюуда. Ички рынокто аныкталып жаткан тоскоолдуктардын көпчүлүгү көп убакыттан бери бар, жана Комиссия аларды кадам сайын жоюуда. Министрдин пикири боюнча, тоскоолдуктардын себеби Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында макулдашылган саясаттардын жоктугунда.

Ошол эле учурда сессиянын катышуучулары талкуунун жүрүшүндө ЕАЭБде саясаттарды мындан ары шайкеш келтирүү – узак мөөнөттүү перспективадагы милдет, ал эми учурдагы тоскоолдуктар токтоосуз жоюлууга тийиш деген тыянакка келишти.

Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын (РФ СӨП) президентинин кеңешчиси Георгий Петровдун пикири боюнча, «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүргүзүүсү интеграциянын негизги элементи болуп саналат». Тоскоолдуктардын болушу мүчө мамлекеттердин интеграциясына, соодасына, транспорттук-логистикалык потенциалына, өнөр жай кооперациясына зыян келтирет.

Комиссиянын ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши, ага Бирликтин ички рыногундагы көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн бардык керектүү мүмкүнчүлүктөрдүн ыйгарылышы бизнес үчүн абдан маанилүү. Мындай учурда Комиссия бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү үчүн кыйла натыйжалуураак аспап болуп калмакчы.

ЕАЭБдин катышуучуларынын бири бирине ишенимин жогорулатуу жана мамлекеттик контролдун алкагында бириктирилген чечимдерге басым жасоо Бирликтин бирдиктүү рыногунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүү факторлору катары таанылды. Жана дал ошолор, талкуунун катышуучуларынын пикири боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экономикалык кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууга жардам бериши мүмкүн.

Сессиянын катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана бизнестин ортосундагы ишенимдин төмөн деңгээли төрт «эркиндик» принцибин ишке ашыруу үчүн чакырык болуп саналат деп белгилешти. Ички рыноктун натыйжалуу иштөөсүнүн шарты болуп саналган өз ара ишеним өлкөлөрдүн өздүк тартибинен, чарба жүргүзүү субъектилердин Бирликтин укугу жана улуттук мыйзамдар менен каралган эрежелерди жана милдеттенмелерди аткарышынан жана субъектилердин өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгынан көз каранды.

Катышуучулар товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылууда санариптештирүүнүн ролунун маанилүүлүгүн талкуулашты. Санариптик трансформациялардын алкагында жалпы долбоорлордун ишке ашырылышы бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өнүктүрүүнүн перспективдүү механизмдеринин бири катары аталды. Атап айтканда, бул электрондук колтамгалардын жана келип чыгуу сертификаттарын өз ара таанууга, экономикалык кызматташтыктын катышуучуларынын санариптик ачыктыгын камсыз кылууга тиешелүү.

«Биз процесстерди бизнестин ишин оорлотуу үчүн эмес, ал көзөмөлдөө органдары үчүн ачык болгондой кылып өзгөртүшүбүз зарыл. Эгер биз продукцияны өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин көзөмөлдөсөк, эч кандай кошумча маалымкаттар, сертификаттар жана башка далилдер талап кылынбайт. Ошондуктан, Бирликтин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу үчүн негизги жол – бул, биринчи кезекте, мамлекеттик көзөмөлдүн санариптик трансформациясы», – деп ишенет Карине Минасян.

Ошондой эле, сессиянын жүрүшүндө бизнестин өкүлдөрү тоскоолдуктарды жоюу үчүн өнөр жай кооперациясынын маанилүүлүгү жөнүндө маселени бир нече ирет көтөрүштү.

Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) аткаруучу вице-президенти Александр Мурычев мындай деп баса белгиледи: «Биздин өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнүн бири – экономикалардын модели чийки затты жана чийки зат товарларын экспорттоого негизделгендиги. Ушул себептен мамлекеттер Бирликтин ичинде соода жүргүзүүгө кызыкдар эмес».
«Биз ЕАЭБди биздин экономикаларды кайра индустриалдаштыруу, биздин өнөр жай продукциябыздын үчүнчү өлкөлөргө экспортун көбөйтүү максатында түзгөнбүз», – деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеӊешчиси Кубатбек Рахимов баса белгиледи.

Сессиянын катышуучулары мүчө мамлекеттерди кайра индустриалдаштыруу жана өнөр жай экспортун өнүктүрүү сыяктуу милдеттерди Бирликтин милдеттерине киргизүү үчүн ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды көрсөтүштү. «Биз биргеликте жөнгө салышыбыз гана эмес, жаратышыбыз да зарыл», – деди Карине Минасян.

Маалымат

«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара. 2019-жылы форум Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте өткөрүлүүдө. Иш-чаранын күн тартиби Бирлик жөнүндө келишимдин беш жылдыгынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталган. «Евразия жумалыгынын» программасы үч трек боюнча 20дан ашуун аянтчаларды камтыйт: стратегиялык, өнөктөштүк, жаштар тректери. Форумда 2000ден ашуун адам катышууда.

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com