Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты

4.jpg
27.09.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигин (ЕАЭБ) өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун Бишкекте ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен куттуктады. Ал форумдун Евразия мейкиндигинде бизнести өнүктүрүү боюнча пландардын иш жүзүндө ишке ашырылышына олуттуу салым кошушуна ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Бирликтин өлкөлөрүнүн кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюунун зарылчылыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Бирлик иштеп жаткан беш жыл убакыттын ичинде өзүнүн жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун далилдеди деп баса белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, бүгүнкү күндө Бирликтин мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен консенсус издөө жана табуу тутуму жолго коюлгандыгын, ал эми пайда болуп жаткан маселелерди чечүү үчүн ыкчам чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Тараптар 30-сентябрда жана 1-октябрда Ереванда (Армения) болуп өтө турган, Жогорку Евразия экономикалык кеӊешинин отурумунун жана «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык формунун күн тартибин талкуулашты.