Sign In
Тигран Саркисян: «ЕАЭБ жаштарынын Бирликтин бардык өлкөлөрүндө кесиптик жактан калыптанууга мүмкүнчүлүктөрү бар»

Тигран Саркисян: «ЕАЭБ жаштарынын Бирликтин бардык өлкөлөрүндө кесиптик жактан калыптанууга мүмкүнчүлүктөрү бар»

6.jpg
27.09.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 26-сентябрда Кыргыз-Россия Славян университетине (КРСУ) барып, ал жерде КРСУнун ректору Владимир Нифадьев менен жолугушту жана студенттер жана мугалимдердин алдында өзүнүн лекциясы менен чыгып сүйлөдү.

Тигран Саркисян жана Владимир Нифадьев Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы маселелерин талкуулашты. Жолугушууда Бирликтин дипломдорду өз ара таануу жана ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө жаштардын кесиптик өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү сыяктуу артыкчылыктары белгиленди.

Лекцияда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБдин беш жылдык ишинин орто аралык жыйынтыктарын чыгарды жана ички сооданын көлөмдөрү үчүнчү өлкөлөр менен сооданын өсүү темптерине караганда жогору темптер менен өсүүдө деп билдирди.

Тигран Саркисян, Кыргызстанга интеграциялык бирикмеге мүчөлүк кылуу алып келген, жарандар жана бизнес үчүн артыкчылыктарга кеңири токтолуп өттү. «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулушу экономикалык жактан негизделген гана эмес, калктын көп бөлүгүнүн колдоосуна да ээ болгон чечим болду. Өлкөдө интеграцияны коомдук колдоонун эң жогорку деңгээли байкалган – 86%», –деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.

Интеграциялык жетишкендиктердин катарында ал айрыкча эмгек рыногунун либералдаштырылышын белгилеп өттү, анын пикири боюнча, бул Кыргыз Республикасы үчүн эң көрүнүктүү оң таасирлердин бири болуп саналат. 2015-жылдан тарта ЕАЭБде бирдиктүү эмгек рыногу аракеттенип келет. Эмгекчилер тоскоолдуктарсыз орун которуштуруп, кошумча талаптарсыз жана уруксаттарсыз жумушка орношо алышат, алардын дипломдору өз ара таанылат. Эмгекчилер социалдык жана медициналык камсыздандыруу укугуна, ал эми алардын балдары – балдар бакчаларына баруу, билим алуу укугуна ээ.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы студенттердин жана мугалимдердин суроолоруна жооп берди.

Лекциянын аягында КРСУнун ректору Владимир Нифадьев Тигран Саркисянга университеттин ардактуу профессору наамынын ыйгарылышы жөнүндө жарыялады. «Мен үчүн бул зор сыймык», – деди Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын лекциясы 25-27-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүлүп жаткан «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында орун алды.