Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Комиссия ЕАЭБ рынокторунда өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушуна өзгөчө көңүл бурууда”

ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Комиссия ЕАЭБ рынокторунда өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушуна өзгөчө көңүл бурууда”

27.11.15

26-ноябрда Минскте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин биринчи отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков ЕАЭБ рынокторунда өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада бөгөттөрдү жоюу тууралуу айтып берди.

ЕЭК өкүлү, ЕАЭБде бир катар эл аралык келишимдер боюнча жумуш жүрүп жатканын айтты: мамлекеттик көзөмөл жаатындагы улуттук мыйзамдарды шайкештөө принциптери жөнүндө; бирдиктүү регламенттер тарабынан талаптар али коюла элек болгон, өнүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө; үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдө техникалык бөгөттөрдү жоюу жөнүндө.

ЕЭК Министринин айтуусу боюнча, Биримдик өлкөлөрүндө рынокту көзөмөлдөөгө болгон мыкты эл аралык тажрыйбанын негизиндеги бирдиктүү ык-амалдарды колдонуу анын натыйжалуулугун арттырат жана айланымдагы өнүмдөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатат. Дагы Валерий Корешков белгилеп өткөндөй, өнүмдөрдүн коопсуздугу анын иштеп чыгаруучу тарабынан же анын өкүлү тарабынан камсыз кылынууга тийиш. Керектөөчүгө бардык тийиштүү маалыматты берүү керек. “Тиешелүү Келишим негиз салуучу “горизонталдуу” документ болот, ​- деди Валерий Корешков. – Ал сөзсүз түрдө бирдиктүү маалымат системасынын алкагында коопсуздук мониторингин жана кооптуу өнүмдөр, зыян келтирилген учурлар тууралуу маалымат алмашууну камтышы керек”.

Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдөгү техникалык бөгөттөрдү жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндөгү келишим, өнүмдөрдүн ЕАЭБдин техникалык регламенттерине дал келүүсүн баалоо тууралуу документтерди таанууну мүмкүн кылган бир катар түшүнүктүү механизмдерди орнотот.