Sign In
2019-жылдын 1-январында ЕАЭБтин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти күчүнө кирет

2019-жылдын 1-январында ЕАЭБтин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти күчүнө кирет

Depositphotos_179198210_s-2015.jpg
27.12.18
Балдардын тамактануусу үчүн ичүүчү суунун бөтөлкөлөрүндө эми "балдардын тамактануусу үчүн" деген жазуу же ичүүчү суунун бул максатка арналганы туурасында башкача көрсөтмө милдеттүү түрдө жазылат. Өндүрүүчү же сатуучу ичүүчү суу арналган балдардын курагы (үч жашка чейин жана үч жаштан кийин) жөнүндө маалымат бериши, анын жалпы минералдашуусу, химиялык элементтерди көрсөтүү менен анын негизги курамы, сактоо шарттары жана идишти ачкандан кийин жарактуулук мөөнөтү туурасында маалымдоосу шарт.
 
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техрегламенти идиштерге куюлган ичүүчү сууга жана ичүүчү минералдык сууга карата 2013-жылдын июлунан тарта колдонулган, бирликтин башка - "Тамак аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти менен аныкталган айрым милдеттүү талаптарды толуктайт. ЕАЭБтин жаңы документи табигый минералдык сууга, анын ичинде ашкана, дарылык-ашкана жана дарылык сууларга, ошондой эле купаждалган, иштетилген жана табигый ичүүчү сууга, балдардын тамактануусу үчүн ичүүчү сууга, жасалма минералдаштырылган ичүүчү сууга таркалат.
 
Документ Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 2017-жылдын 23-июнундагы чечими менен кабыл алынган, бирок Бирлик мыйзамдарындагы жаңы талаптарга өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын жай-салмактуу өтүү зарылчылыгына байланыштуу 2019-жылдын 1-январынан тарта гана колдонула баштайт.

Техрегламентте таңгакталган ичүүчү сууну өндүрүүгө, сактоого, ташууга, сатууга жана утилизациялоого карата атайын талаптар аныкталган.

Атап айтканда, ишкерлер химиялык, микробиологиялык жана радиациялык коопсуздук боюнча ченемдерди так сакташы керек болот. Мисалы, техрегламент табигый минералдык сууда төмөнкүдөй кооптуу заттардын болуусун чектейт: коргошун – 0,01 мг/дм3 ашык эмес, сымап – 0,001 мг/дм3 ашык эмес, кадмий – 0,003 мг/дм3 ашык эмес жана башкалардын. Ашкана табигый минералдык суусундагы жана купаждалган ичүүчү суудагы салыштырмалуу суммардык альфа-жигердүүлүк 0,2 Бк/кг ашпашы керек, дарылык-ашкана жана дарылык табигый минералдык сууда - 0,5 Бк/кг, ал эми табигый минералдык суудагы жана купаждалган ичүүчү суудагы салыштырмалуу суммардык бета-жигердүүлүк - 1,0 Бк/кг болуусу зарыл.

Табигый минералдык сууларды идиштерге куюу үчүн антропогендик таасирден корголгон булактан же скважинадан алынган сууну колдонуу милдеттүү болуп саналат, ал булак же скважина кайсыл жерден чыкса, ошол мамлекеттин мыйзамы боюнча табигый минералдык суулардын катарына киргизилген болушу шарт.

Балдардын тамактануусу үчүн ичүүчү суудан, дарылык-ашкана жана дарылык табигый минералдык суулардан бөлөк таңгакталган ичүүчү суу жүгүртүмгө чыгарылардан мурда декларацияланышы керек. Балдардын тамактануусу үчүн ичүүчү суунун, дарылык-ашкана жана дарылык табигый минералдык суулардын техрегламенттин талаптарына шайкештигин баалоо мамлекеттик каттоо түрүндө жүргүзүлөт.

Жаңы талаптарга жооп берген таңгакталган ичүүчү суунун чыгарылышына рыноктун катышуучуларынын планга ченемдүү өтүүсү үчүн ЕЭК Коллегиясынын 2017-жылдын 7-ноябрындагы чечими менен өткөөл жоболор бекитилген. Анын ичинде шайкештикти баалоо боюнча мурда берилген документтер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок 2020-жылдын 1-июлунан кеч эмес убакытка чейин жарактуу экени аныкталган. Ошол эле учурда буга чейин колдонулган талаптар менен жол-жоболоштурулган документтери бар продукцияны 2020-жылдын 1-июлуна чейин чыгарууга жана жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин жүгүртүүгө болот.

Техрегламенттин талаптарын аткаруу үчүн, ошондой эле техникалык жөнгө салуунун объектилеринин шайкештигин баалоодо сыноолорду өткөрүү максаттарында Комиссиянын Коллегиясы 2017-жылдын 5-декабрында стандарттардын тийиштүү тизмесин бекиткен. Аларга мамлекеттер аралык стандарттар жана Бирлик өлкөлөрүнүн улуттук стандарттары, анын ичинде ISO эл аралык стандарттарынын жана EN европалык стандарттарынын негизинде иштелип чыгарылган стандарттар кирет.
 
Интернет тармагында Комиссиянын расмий сайтынын ЕЭК Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин баракчасында, "Техникалык жөнгө салуу" бөлүмүндө Бирликтин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти туурасында, ошондой эле бул документти иштеп чыгууга катышкан ыйгарым укуктуу органдар туурасында маалыматтар жайгаштырылган. Мындан тышкары, "Актуалдуу маселелер" бөлүмүндө көп берилүүчү суроолорго, атап айтканда таңгакталган ичүүчү сууга техрегламенттин практикалык аспектилери боюнча суроолорго жоопторду табууга болот.