Sign In
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБ жаңы Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: ЕАЭБ жаңы Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет

28.04.17

28-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши болуп өтүп, ага Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн вице-премьерлери катышышты. Бажылык жөнгө салуу, Биримдик өлкөлөрүнүн социалдык жана пенсиялык камсыздоо, биримдиктин рыногунда тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү, техникалык жөнгө салуу, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык конструктордук иштерди өткөрүүдө агроөнөр жай комплексинин кооперациясы боюнча маселелер талкууланды.

ЕЭК Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вице-премьери Олег Панкратов Кеңештин мүчөлөрүнүн көңүлүн отурумдун негизги маселелеринин катарында - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилеринин пенсиялык камсыздоосу жөнүндө долбоорду талкуулоого бурду.  “2017-жылы бул документти кабыл алуу Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин артыкчылыктарынын бири болуп саналат, - деп белгиледи Олег Панкратов. - Муну менен биз Биримдик өлкөлөрүнүн бардык жарандары үчүн өз келечегине ишенимдин дагы бир факторун калыптандырабыз”. Кыргызстандын биринчи вице-премьеринин пикири боюнча, пенсияларды чегерүүнүн түшүнүктүү системасын түзүү эмгекке жарамдуу калкты ойлонулган географиялык мобилдүүлүккө өбөлгөлөйт, ошондой эле бизнес-коомчулукка инвестициялык ресурстарды натыйжалуу колдонууга, персоналды ишке тартуу жана өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

Дискуссиянын жыйынтыгы боюнча калкты пенсия менен камсыздоонун эрежелерин жана ченемдерин түзүү, ошондой эле пенсиялык милдеттемелердин экспортунун тартиби жана Биримдиктин башка мамлекетинде эмгек стажын эске алуу боюнча иштерди улантуу туурасында чечим кабыл алынды. Маселен, пенсиянын өлчөмүн эсептөөдө колдонулуучу жекече пенсиялык коэффициенттин көлөмүн аныктоо маселесине өзгөчө көңүл бөлүнөт.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, Комиссиянын ЕАЭБтин бирдиктүү рыногун өнүктүрүү жолунда тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча учурдагы иши туурасында сөз кылып, Биримдик өлкөлөрүндө аныкталган бир катар тоскоолдуктарды талкуулоону сунуштады.

Атап айтканда, Беларусь Республикасында ЕАЭБтин техрегламенттеринин талаптарына кошумча, Биримдик жөнүндө келишимде каралбаган санитардык-гигиеналык экспертиза процедурасы киргизилген. Аны өткөрүү тамак-аш өнүмдөрү, балдар үчүн товарлар, парфюмериялык-косметикалык каражаттар, ооз көңдөйүнүн гигиенасынын каражаттары, курулуш чийки заттары жана материалдары, тиричилик техникасы, автомобилдик компоненттер ж.б. үчүн милдеттүү.  

Казакстанда дагы бир тоскоолдук бар: акысыз медициналык жардамдын кепилдеген көлөмү программасынын алкагында дарыларды, вакциналарды жана башка иммунобиологиялык препараттарды бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алуу процедурасы ЕАЭБ укугуна туура келбегендиги. Мындай сатып алууларда улуттук жеткирүүчүлөргө конкурстук процедураларга катышуунун преференциалдык шарттары берилет. Казакстандын өкүлдөрү бул тоскоолдукту 2017-жылдын 1-июлуна чейин четтетүү боюнча милдеттемени өздөрүнө алышты.

Алкоголь продукциясын сатууда камсыздоо төлөмүн алуунун бирдиктүү эрежелеринин жоктугу чектөө болуп табылган. Камсыздоо төлөмү Армениядан бөлөк башка бардык катышуучу-өлкөлөрдө колдонулат. Ошол эле учурда Россияда ал атамекендик жеткирүүчүлөргө караганда, чет элдик жеткирүүчүлөр үчүн жогору, ал эми Беларуста жана Казакстанда чет элдик сатуучулардан гана алынат, Кыргызстанда - ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жеткирүүчүлөрдөн гана алынат. Бул жагдай экспорттоочулар үчүн дискриминациялык шарттарды түзөт.

ЕЭК Кеңешинде Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо процедураларын синхрондоштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирүүсүнө мүмкүндүк берет.

Кодекс менен бир эле учурда Комиссиянын улуттуктун үстүндөгү деңгээлге киргизилген жыйырма беш маселе боюнча биринчи кезектеги чечимдери иштей баштайт. Алар ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга, жеке адамдар товарларды алып жүрүүсүнүн эрежелерине ж.б. тиешелүү. 

Комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Мукай Кадыркулов ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүн Биримдиктин ар бир өлкөсүндө “бирдиктүү терезе” механизмин түзүү боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маалымдады. 

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү мүчө-мамлекеттердеги тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу системасындагы “бирдиктүү терезе” долбоорун өнүктүрүүнү камсыздаган, 2017-жылга иш планын жактырды. Атап айтканда, Комиссия жана ЕАЭБ өлкөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин деңгээлинде “бирдиктүү терезенин” улуттук механизминин эталондук моделин бекитиши керек, ага функциялардын жана архитектуранын деталдуу сүрөттөлүшү кирет. Ошондой эле эталондук моделди жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган инструменттерди, стандарттарды жана регламенттерди иштеп чыгуу пландаштырылат.


Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин АӨК чөйрөсүндө биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Комиссиянын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө чечиминин долбоору жактырылды.  Биримдик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан чечим кабыл алынуусу илимий потенциалды натыйжалуу колдонууга, агроөнөр жай комплексинде инновациялык иштеп чыгууларды жайылтууга көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет.