Sign In
ЕЭК белоруссиялык бизнеске ЕАЭБдин тран счек аралык рынокторундагы атаандаштыктын эрежелерине түшүндүрмө берет

ЕЭК белоруссиялык бизнеске ЕАЭБдин тран счек аралык рынокторундагы атаандаштыктын эрежелерине түшүндүрмө берет

28.05.18

28-майда Минскиде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун коомдук кабылдамасынын биринчи көчмө отуруму болуп өттү. ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Марат Кусаиновдун айтуусу боюнча, ишкердик коомдоштук менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторундагы атаандаштык чөйрөсүндөгү бизнестин укуктарын жана жоопкерчилигин натыйжалуу түшүндүрүү үчүн түзүлгөн.

Коомдук кабылдаманын отурумунун алкагында Беларусь Республикасынын ишкерлери менен алгачкы жолугушуу Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин колдоосу астында болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө ЕЭКтин эксперттери бизнес ЕАЭБдин атаандаштыкты коргоо жөнүндө мыйзамдарын начар түшүнгөндүгүн белгиледи – ишкердик сектордун көпчүлүк өкүлдөрү дал эмне атаандаштыктын эрежелерин бузуу болуп саналаарын жана мындай бузуулар үчүн ЕАЭБ жөнүндө келишим менен кандай жоопкерчилик белгиленгендигин билбейт.

«Биздин милдет – ишкердик коомдоштуктун өкүлдөрүнө Евразия экономикалык бирлигиндеги атаандаштыктын эрежелерин жеткирүү жана ишкерлерди монополиячылар же атаандаштыкка каршы макулдашуулардын катышуучулары аларды бузганда өз укуктарын коргоого үйрөтүү. Коомдук кабылдаманын форматы ачык диалогдун болушун болжолдогону маанилүү – ишкерлер үчүн бул өз көйгөйлөрүн түздөн-түз айтуунун мүмкүнчүлүгү, – деп баса белгиледи ЕЭК министри. – Эгерде жалпы рынокто айкын ишкердин укуктары анын өнөктөштөрүнүн атаандаштыкка каршы аракеттери менен бузулса, Комиссия ага, албетте, өз компетенцияларынын алкагында жардам берүүгө даяр».

Комиссиянын өкүлдөрү ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базасынын айрым аспекттерин кеӊири түшүндүрүп берип, ошондой эле атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоого кыйла натыйжалуу контроль үчүн зарыл болгон эскертүүлөрдүн жана алдын алуулардын институттарына карата Бирликтин укугундагы акыркы өзгөртүүлөр жөнүндө айтып беришти.

Бизнес үчүн жекече консультациялардын жүрүшүндө бузулган укуктарды коргоо үчүн Комиссияга кайрылуунун жол-жоболору жана мындай кайрылууларды кароонун тартиби жөнүндө бир катар суроолор келип түштү.

ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директору Алия Джумабаеванын айтуусу боюнча, белоруссиялык ишкерлер туш болгон негизги көйгөй – бул Бирликтин рыногунда бизнес жүргүзүүнүн атаандаштарга жеңилдиктер берилген тең эмес шарттары.

«Бул кыйла төмөнкү баа, бааларды төмөндөтүүлөр, акы төлөө шарттары же болбосо тигил же бул мамлекеттеги сатууга же кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салууну белгилөө болушу мүмкүн», деп баса белгиледи департаменттин директору.

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевич чек ара аралык рыноктордун катышуучуларынын атаандаштыкка каршы жүрүм-турумун өз убагында табуу жана ага бөгөт коюу үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкердик коомдоштугу менен туруктуу өз ара аракеттенүүнүн зарыл экендигин белгиледи. «ЕЭКке кайрылуу – Бирликтин рыногунда атаандаштыкты чектөөнүн айынан келип чыгуучу талаш кырдаалдарды жөнгө салуунун жеткиликтүү жана таасирдүү ыкмасы экендигине бизнести ынандыруу маанилүү», деп айтты ал.

Коомдук кабылдаманын отурумуна Ишкердиктин республикалык конфедерациясы, Белоруссиянын Соода-өнөр жай палатасы, профессор М.С. Кунявский атындагы Ишкерлердин жана жалдоочулардын бизнес-бирлиги, «Бизнес Консалтинг» ишкерлерди колдоо борбору, Белоруссиялык ишкерлерди каржылык колдоо фонду, «МАЗ» ААК, «Беллегпром» концерни, «Гомельлифт» ЖАК, «Гомсельмаш» ААК, «Коммунарка» БААК, «Белшина» ААК, «Минск маргарин заводу» ААК ж.б. сыяктуу ишкерлердин бирикмелеринин, БРнын алдыӊкы өнөр жай ишканаларынын, соода жана консалтингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук кабылдаманын кийинки көчмө отурумдары Казакстанда, Кыргызстанда жана Арменияда өтмөкчү.