Sign In
«Евразия жумалыгы – 2019» форумунда ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес алып баруу үчүн жайлуу шарттарды түзүүнү талкуулашат

«Евразия жумалыгы – 2019» форумунда ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес алып баруу үчүн жайлуу шарттарды түзүүнү талкуулашат

28.08.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө ишкердик ишмердүүлүктү ийгиликтүү алып баруу үчүн бизнес-климатты жакшыртуу, тутумдук чараларды кабыл алуу жана инфраструктураны камсыз кылуу Бирликтин туруктуу ички өнүгүүсүнүн, ошондой эле анын тышкы соода өнөктөштөр жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуулугунун маанилүү факторлору болуп саналат.

25-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржылык саясат боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында «Бизнес, акча, адам: ЕАЭБде интеграцияны тереңдетүүгө карата мамилелер» панелдик сессиясы өткөрүлмөкчү.

«ЕАЭБде ишкердик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон экотутумду түзүү – негизинен ЕАЭБдин экономикалык өсүшүнүн арымдарын аныктаган принципиалдуу маанилүү милдет. Ошону менен катар бизнестин бул тутумдун кантип иштеши тууралуу ар дайым эле так түшүнүгү боло бербейт. «Евразия жумалыгы» бул боштукту толуктоого жардам берет», ­– деп эсептейт Тимур Жаксылыков.

Сессиянын жүрүшүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелерин практикалык аткаруу аспаптарынын топтомдорун түзүү, ЕАЭБде бизнес-климатты мыктылоо, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун сектордук жайылтылышын кеңейтүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкердик субъектилеринин ага тартылуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердик субъектилеринин, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инвесторлордун Бирликтин мамлекеттеринин ортосунда чек ара аралык өз ара «агымдарынын» потенциалын ишке ашыруу жана башка багыттар боюнча чечимдер иштелип чыкмакчы.

«Евразия жумалыгы – 2019» форуму – ишкерлер үчүн жана ЕАЭБде бизнесин жаңыдан ачып жаткандар үчүн интеграция мейкиндигиндеги бизнес-процесстердин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана аларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнүк алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү», – дейт ЕЭК министри.

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгы – 2019» форумунун сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com.