Sign In
ЕАЭБ жана Иран сооданын преференциалдуу шарттарына өтүшүүдө

ЕАЭБ жана Иран сооданын преференциалдуу шарттарына өтүшүүдө

IMG09181.jpg
28.08.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мехди Санаи 28-августта ЕЭКте болуп өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболордун аякташы жөнүндө ноталар менен алмашышты. Бул, макулдашуу 27-октябрда күчүнө кирет дегенди билдирет.

Иран Ислам Республикасынын Элчиси менен саламдашып жатып, жана ратификациялык жол-жоболордун аякташын тарыхый окуя деп атоо менен, Тигран Саркисян жеке Мехди Санаинин, ошондой эле Комиссиянын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишинанын ийгиликтүү натыйжага жетүүдөгү чоң ролун белгилеп өттү.

«Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Иран Ислам Республикасы менен эркин соода зонасын түзүү Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердигинин приоритети болуп саналат деп билдиришти, – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи. – Бул, алар биздин ирандык кесиптештерибиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мандат бергендигин түшүндүрөт. Жана бүгүнкү күн биз үчүн – маанилүү күн, анткени биз документтин жакынкы арада күчүнө киришине расмий тастыктоо алдык».

Мехди Санаи жооп сөзүндө Тигран Саркисяндын жана жалпы эле Евразия экономикалык комиссиясынын аяккы натыйжага жетүүдөгү чоң салымын белгилеп өттү. «Иран үчүн да – бул өтө маанилүү макулдашуу, ал биздин өлкөнүн экономикасына жана элибизге, ошондой эле ЕАЭБдин элдерине чоң пайда алып келет деп ишенем. Сүйлөшүүлөр оңой болгон жок, бирок эми алар ийгиликтүү аяктады. Макулдашууга кол коюлду жана ратификацияланды. Натыйжасын өзүбүз көрүп турабыз!», – деди Иран Ислам Республикасынын Элчиси.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тыгыз кызматташтыкты, анын ичинде макулдашууну ишке ашырууга багытталган кызматташтыкты улантуу жөнүндө келишкендик түзүлдү. Алсак, бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө диалог башталды, анын түзүлүшү макулдашуу менен каралган бизнес-диалогдун иштөө форматын макулдашуу жүргүзүлүүдө.

Мехди Санаи иран ишкерлерине ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда соода жүргүзүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн жакынкы келечекте Иранда ЕЭК менен биргелешкен бизнес-конференцияны өткөрүүнү сунуштады.​