Sign In
Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө метро жана трамвайлар коопсуз болот

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө метро жана трамвайлар коопсуз болот

28.09.16

27-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ЕЭК Кеңешинин долбоорун жактырды.  Ал өзгөртүүлөр боюнча биримдиктин төмөнкү дагы эки техникалык регламентин иштеп чыгуу каралат: “Метрополитендин кыймылдуу составынын коопсуздугу жөнүндө” жана “Жеңил рельстик транспорттун, трамвайлардын коопсуздугу жөнүндө”. 

Биримдиктин техрегламенттери баарыдан мурда ЕАЭБтин беш өлкөсүндө адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын, мүлкүн, айлана чөйрөнү коргоо үчүн иштелип чыгарылат.  Алар продукциянын жана ага байланыштуу процесстердин коопсуздук маселелерин жөнгө салат (долбоорлоодон жана өндүрүүдөн баштап, утилизацияга чейин). Азыркы учурда Евразия экономикалык биримдигинде 36 техрегламенттер, анын ичинде тамак-аш продукциясына, оюнчуктарга, эмерекке, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, чакан кемелерге, тамеки өнүмдөрүнө жана башка товарларга карата техникалык регламенттер кабыл алынган. 

Метрополитендин кыймылдуу составы, жеңил рельстик транспорт жана трамвайлар Биримдиктин алкагында атайын талаптар аныкталган продукциялардын Бирдиктүү тизмесине кирет. Алар ЕАЭБтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына киргизилгени дал ушуга байланыштуу. Азырынча мындай 22 документ белгиленген. Бирок метро жана трамвайларга техрегламенттерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бул тизме кеңейтилиши мүмкүн. Эгер Евразия экономикалык комиссиясынын Биримдик өлкөлөрүнүн деңгээлиндеги Кеңеши оң чечим кабыл алса, аталган тизме ушул жылдын аягында кеңейтилиши күтүлөт.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинде транспорт каражаттарынын паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун толтуруу үчүн зарыл болгон маалымдамаларды жана классификаторлорду бекитти. Бул документтер электрондук паспортторду жол-жоболоштуруу процедурасын жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган жана аларды толтурууда каталардын болуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. 

Маалымдамаларды жана классификаторлорду бекитүү менен ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын компетенциясы боюнча тиешелүү Макулдашууларда каралган ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштерди аяктады.