Sign In
Электрондук автопаспорт трансчек аралык болмокчу: ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуунун механизмдерин макулдашышты

Электрондук автопаспорт трансчек аралык болмокчу: ЕАЭБ өлкөлөрү транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуунун механизмдерин макулдашышты

28.11.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосунда транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун берүү механизмдери жана маалымат алмашуу принциптери баштапкы этапта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешковдун төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде макулдашылды.  ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу маморгандарынын, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү жана эксперттери системалардын бирдиктүү Администраторунун  - “Электрондук паспорт” АК (“Ростех” мамкорпорациясынын түзүмүнө кирет) аянтчасында маалыматтык кызматташтык системасын жайылтуу маселелерин талкуулашты.

“2018-жылдын жайында жаңы автомобилдерге электрондук документтерди берүү альтернативасыз болот. Автомобилдердин ээлеринде кагазды же электрондук реестрдеги жазууну тандоо болбойт, - деп белгиледи Валерий Корешков. - Жана бизге система ЕАЭБтин бүтүндөй мейкиндигинде авто ээлери жана транспорттук каражат жөнүндө дайындарды туура берүүнү камсыздоо менен, үзгүлтүксүз иштеши маанилүү.

“Биз электрондук автопаспортторунун системаларынын улуттук бөлүктөрүнүн өз ара иштешүүсүнүн негизги схемаларын бири-бирибиз менен жана системалардын Администратору менен макулдаштык. Бул бардык өлкөлөр бирдиктүү маалыматтык базага кошулуусун кепилдейт”, - деп баса белгиледи ЕЭК министри. Кеңешмеде тараптар ошондой эле транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо жөнүндө документтердин электрондук форматына өтүү жөнүндө демилгени колдошту.

Электрондук паспортторго өтүүнүн даталары автоөндүрүүчүлөрдүн, импортчулардын жана мамлекеттик органдардын даярдыгына көзкаранды, анткени алар электрондук паспортторго маалыматтарды киргизүүнү камсыздашат. Анткен менен, Комиссиянын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Вячеслав Бурмистров белгилеп өткөндөй, 2018-жылдын 1-июлунан тарта система толук өлчөмдө иштей башташы керек. Бул үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө ченемдик базаны иштеп чыгууну, улуттук сегменттердин ортосунда дайын алмашууларды, автоөндүрүүчүлөр, транспорт каражаттарынын импортчулары жана ээлери менен өз ара аракеттешүүнү камсыздаган жалпы маалымат системасын пайдаланууга киргизүүнү аяктоо зарыл.

Вячеслав Бурмистровдун пикири боюнча, “Россия Федерациясы эң чоң технологиялык даярдыты көрсөтүп, транспорт каражаттарынын паспортторун электрондук түрдө жол-жоболоштурууну Биримдиктин башка өлкөлөрүнөн эрте башташы мүмкүн. Кабыл алынган жана иштелип чыгарылып жаткан россиялык ченемдик укуктук актылар Биримдик өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө ЕАЭБте электрондук автопаспорттор системасын эртерээк пайдалана баштоону камсыздоо үчүн негиз катары сунушталат”. 

Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторуна толук өтүү өндүрүүчүлөргө жана импортчуларга техниканын бүтүндөй жашоо циклинде анын көзөмөлдүгүн камсыздоого, Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө бирдиктүү форматтагы ишенимдүү дайын базаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Транспорт каражаттарынын ээлери бир катар артыкчылыктарды алышат, алар үчүн автомобилдердин максималдуу толук тарыхы түзүлөт, анын ичинде чектөөлөр, камсыздандыруу жана камсыздандыруу учурлары, ЖТК, ТТ ж.б. жөнүндө маалыматтар.