Sign In
ЕЭК Коллегиясы Беларуста гречкага карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 90 күнгө узартты

ЕЭК Коллегиясы Беларуста гречкага карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 90 күнгө узартты

29.01.20
28-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажы кызматташтыгы, атаандаштык саясат, техникалык жөнгө салуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты. 

ЕЭК Коллегиясы Беларусь Республикасында гречкага карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн 90 күнгө – 2020-жылдын 30-январынан 28-апрелине чейин узартууну макулдашты.

Буга чейин Беларуста гречкага карата бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген эле. Чектүү максималдуу соода үстөгүнүн деңгээли (дүң үстөктү эске алуу менен) 25% пайызга чейин чектелди. Бул аталган республикада бул социалдык маанилүү товар боюнча баа жагдайын турукташтырууга жардам берди.

Коллегиянын чечими мындай оң тенденцияны сактоого жардам берет. Ал эми башка мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъектилеринин белорус рыногуна кирүүсү үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясынын жана Анд коомдоштугунун Генералдык катчылыгынын атаандаштык саясат жана укук колдонуу боюнча Кызматташтык программасын жактырды.

Атап айтканда, аталган чөйрөлөрдөгү кызматташтык боюнча туруктуу жумушчу топту түзүү, атаандаштык эрежелерин бузуулар боюнча иликтөөлөрдү жана товардык рыноктордогу иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу, учурдагы маселелер боюнча консультацияларды өткөрүү, окуу программаларында, такшалмаларда жана тренингдерде биргелешип катышуу ж.б. каралган.

Анд коомдоштугу, регионалдык уюм катары, өзүнүн регионунда атаандаштык жаатындагы бузууларды токтотуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ жана ал тийиштүү ишмердикти жүргүзүп келет. Бул, курамына Боливия, Колумбия, Эквадор жана Перу кирген, Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык шериктештиги болуп саналат.

Бирликтин "Ашыкча басым астында иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа бекитилди.

Документте 2021-жылга чейин белорус тараптын EN регионалдык стандарттарынын негизинде төрт мамлекеттер аралык стандартты, казак тараптын ISO эл аралык стандарттарынын негизинде үч мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуусу каралган. Россиялык тарап 2022-жылга чейин 13 мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгат жана дагы бир мамлекеттер аралык стандартка өзгөртүүлөрдү киргизмекчи.

ЕЭК Коллегиясы Бирликтин "Мөмө-жемиштерден жана жашылчалардан алынган шире продукциясына карата техникалык регламент" техникалык регламентине карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмектерин бекитти.

Ыктыярдуу негизде колдонулуучу стандарттардын тизмегине 13 мамлекеттер аралык стандарт жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 3 улуттук стандарты киргизилди. Изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелерине жана ыкмаларына карата стандарттардын тизмеги 120 мамлекеттер аралык стандартты, мүчө мамлекеттердин 23 улуттук стандартын, ошондой эле 9 аттестацияланган усулду (тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыкканга чейин жана алар стандарттардын тизмектерине киргизилгенге чейин) камтыйт.

Стандарттардын тизмектери эксперттердин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте ЕЭК тарабынан даярдалды. Алар Бирликтин мамлекеттеринде иштелип чыккан жана аракетке киргизилген мамлекеттер аралык стандарттардын жаңы версияларын эске алат.

Тизмектерге алгач киргизилген стандарттарды жана усулдарды эске алуу менен сыноо лабораторияларын өз убагында аккредиттөө максатында өткөөл мезгил каралган. ЕЭК Коллегиясынын Чечими 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.

ЕЭК Коллегиясы болоттон жасалган универсалдуу шкафты ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасынын 9403 товардык позициячасында классификациялады. Бул Бирликтин өлкөлөрүндө номенклатуранын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу үчүн зарыл. Шкафты ЕАЭБ ТЭИ ТНдин ар кандай товардык позицияларына кирген ар түрдүү буюмдарды жана түзмөктөрдү жайгаштыруу үчүн колдонууга мүмкүн болгондуктан, ал универсалдуу болуп саналат.