Sign In
Игорь Гаевский: «ЕЭК керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн контрафакт жана фальсификатка каршы күрөшөт»

Игорь Гаевский: «ЕЭК керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн контрафакт жана фальсификатка каршы күрөшөт»

29.03.18
Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө бирдиктүү ыкмалар кабыл алынышы зарыл, ал эми бул чөйрөдөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары бир түргө келтирилүүгө тийиш. Мындай сунуштарды Евразиялык экономикалык комиссиясы (ЕЭК) уюштурган “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жана ЕАЭБ керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо” деп аталган тегерек столдун катышуучулары киргизишти.

Иш чарада катышкан мамлекеттик контролдоо органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин жана илимдин өкүлдөрү жана Биримдиктин өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү Комиссиянын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн негизги институту катары, Биримдиктин келишимдеринин жана актыларынын сакталышын, анын аянтчасында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын иш жүзүндө контролдоо функциясы бар болушу керек экенин белгилеп өтүштү. Мындай контролдун механизмин иштеп чыгуу керектөө рыногунун коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Биримдиктин рыногунда фальсификацияланган жана контрафакттык өнүмдөр аз эмес, – деп баса белгиледи ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Игорь Гаевский. – Бул олуттуу көйгөй. Комиссия экономиканын ар түрдүү чөйрөлөрүндө кооптуу товарлар менен күрөшүүгө мүмкүндүк берген жүздөгөн документтерди кабыл алды. Бирок бул документтердин аткарылышын контролдоо улуттук деңгээлде калтырылган. ЕАЭБ өлкөлөрүндө бирдиктүү контролдоо ыкмаларынын жоктугу ак ниетсиз ишкерлер үчүн, анын ичинде тамак-аш рыногунда, айрым кутулуу жолдорун жаратууда”.

Бузуулардын негизги бөлүгү өнүмдөрдөгү микробиологиялык жана санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөрдүн коопсуздугу Биримдиктин ченемдик актыларынын талаптарына жооп бербегендиги менен байланыштуу. Кээ бир учурларда ЕАЭБтин маркалоо боюнча техникалык регламенттеринин нормалары сакталбайт: мисал үчүн, таңгакта өнүмдүн курамына кирген айрым компоненттер жөнүндө маалымат жок; керектөөчүлөрдү адаштыруучу жөнү жок жазуулар түшүрүлгөн ж.б.

Тегерек столдун катышуучулары шайкеш чараларды көрүү зарылчылыгы пайда болгонун белгилешти. Биринчи кезекте тегерек столдун катышуучулары мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүүнү контролдоо жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү сунуш кылышты. Муну, мындай шайкеш келтирүүнүн тереңдигин жана мүнөзүн түшүнүү үчүн, олуттуу илимий- изилдөө иштерин алдын ала жүргүзүп, анан жасоо керек. Бул ишти, жалпы пикир боюнча, Евразиялык экономикалык комиссиясы Биримдиктин өлкөлөрүнүн алдыңкы окумуштуулары менен биргелешип өзүнө алса болот.

Экинчи сунуш – керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн учурда Комиссия түзүп жаткан ЕАЭБтин бирдиктүү маалымат базасын болушунча натыйжалуу пайдалануу. Атап айтканда, кооптуу тамак-аш азыктарынын, аларды чыгаруучу ишканалардын жана бул чөйрөдөгү табылган бузуулардын реестрлерин түзүү жана бул маалыматтарды бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү кылуу зарыл. Ошондо, мүмкүн болгон сатып алууну алдын ала аныктап алуу үчүн ЕЭКтин сайтына кирүү жетиштүү болмок. Альтернативдик вариант катары – Роспотребнадзордун алдында түзүлгөн ушул сыяктуу маалымат тутумунун тажрыйбасын биримдиктин деңгээлине чейин кеңейтүү.

Тегерек столдо айтылып өткөн үчүнчү маанилүү демилге – ЕАЭБ өлкөлөрүндө контролго карата тобокелчиликке негизделген мамилелерди жана өзүн-өзү жөнгө салуу принциптерин киргизүү аркылуу бизнестин жоопкерчилигин жогорулатуу. Анткени, көбүнчө ак ниетсиз ишкерлер пайданын артынан чуркап жатып, тамак-аш азыктарынын популярдуу сортторун жасалмалашат. Таңгактан жакшы белгилүү болгон аталышты көргөн керектөөчүлөр баасы жогорулатылган жана сапаты төмөн өнүмдү сатып алган учурлар сейрек эмес.

Контролдоодо жалпы мамилелерди колдонуу, жоопкерчиликтин бирдиктүү чараларын белгилөө, Биримдиктин өлкөлөрүнүн контролдоочу органдарынын бири-бири жана ЕЭК менен болгон өз ара аракеттенүүсүнүн так алгоритми, ошондой эле Комиссияга көзөмөлдөө жаатында иш жүзүндөгү ыйгарым укуктарды берүү – мунун баары, тегерек столдун катышуучуларынын пикири боюнча, евразиялык рыноктогу мыйзамсыз жана фальсификацияланган тамак-аш продукциясынын жолунда натыйжалуу бөгөттөрдү курууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

Тегерек столдо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бир катар мамлекеттик контролдоочу органдарынын жана коомдук керектөө уюмдарынын – Россия Федерациясынын Керектөөчүлөр биримдигинин, Росконтролдун, Белорусстук керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомунун; иш-аракеттерин тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү тармагында алып барган бизнес-ассоциациялардын – «БелАПС» Республикалык агроөнөр жай биримдигинин, «Казакстандын май биримдиги» ассоциациясынын, Сүт өндүрүүчүлөрдүн улуттук биримдигинин («Союзмолоко»), Тамак-аш ингредиенттерин өндүрүүчүлөрдүн биримдигинин, «Руспродсоюз» тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн ассоциациясынын; илимдин – РУИ «Беларусь УИАнын тамак-аш боюнча илимий-тажрыйбалык борборунун», ФМБИМ «Тамак-аш жана биотехнология ФИБнун», Кондитер өнөр жайынын бүткүл Россиялык илимий-изилдөө институтунун (РИИИ) (В.М. Горбатов атындагы Тамак-аш тутумдары ФИБнун филиалы), ошондой эле СПб МБМ «Товарлардын (продукциянын), иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо борборунун» өкүлдөрү катышышты.