Sign In
Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына үч жыл болушу менен куттуктоо

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына үч жыл болушу менен куттуктоо

29.05.17

Урматтуу достор!

3 жыл мурун 29-майда Астанада Казахстан Президенти – Нурсултан Назарбаев, Россия Президенти – Владимир Путин  жана Беларусия Президенти – Александр Лукашенко евразия мейкиндигинде интеграциянын өнүгүүсүнүн  сапаттуу жаңы баскычынын башталышы катары саналган Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюшту. Бир аз убакыт өткөндөн кийин документке Армения Президенти - Серж Саргсян жана Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев -з колдорун коюшту.

Учурда ЕАЭБ - бул тең өлкөлөрдүн биригүүсү,  жалпы эклномикалык мейкиндик зор потенцилга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ өлкөлөрдүн жана элдердин биримдиги.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Биримдик өлкөлөрү менен биргеликте биздин интеграциялык биримдиктин башкы максаттарына - мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү, Биримдик алкагында кооперациялык түйүндөрдү түзүү, өнөр жайды модернизациялоого жана  бардык иш чөйрөсүндө инновацияларды га жетүү үчүн шарттарды камсыз кылуу. Бул биздин жарандардын жашоо турмушун жогорулатууга, алардын жөндөмдүүлүгүн жана интеллектуалдык потенциалын ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Кыска убакыт ичинде улуттар үстүндөгү ченемдик укуктук базаны калыптандырып, Биримдик мейкиндигинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн жылышы деген төрт ”эркиндикти” ишке ашыруу менен интеграцияны тереңдетүү боюнча маанилүү кадамдарды жасадык. 

Бүгүнтөн тартып биздин өлкөлөрдүн бизнес - коомчулугу жана калкы ЕАЭБнын түзүлүшүнүн алгылыктуу жактарын сезе башташты. Дипломдорду өз ара таануу, жеке адамдардан кош салык алууга жол бербөө, эмгек мигранттары үчүн акысыз медициналык тейлөө гарантиялары ж.б өз ара соодалашуу шарттары жеңилдетилген. 2017-жылдын майында дары жана медицина буюмдар рыногу иштей баштаган. ЕАЭБнын Бажы кодекси кабыл алынган.

Евразия экономикалык биримдиги көптөгөн чет өлкө  мамлекеттери үчүн алгылыктуу өнөк болуп калды: 50 гө жакын өлкө жана биримдиктер ЕАЭБ менен соода - экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдиришти. Биз ЕАЭБ жана Улуу Жибек жолунун Экономикалык тилкесин бириктирүү боюнча узак мөөнөттүү долбоорду ишке ашырууга катышабыз. 

Бүгүнтөн тартып евразия экономикалык биримдиги идеясы жаңы ыргакка ээ болуп, өлкөлөрдүн бардык континентиндеги өз ара иш алып барууларынын мүнөзүн өзгөртүү менен реалдуу болуп калды. 

Биздин тарыхыздагы маанилүү учур менен куттуктайм!

Бардыгыбызга бейкуттук жана жыргалчылык каалайм! 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы 
Тигран Саркисян: