Sign In
ЕАЭБ жана Индия эркин соодалашуу жөнүндө макулдашуу түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү башташты

ЕАЭБ жана Индия эркин соодалашуу жөнүндө макулдашуу түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү башташты

03.06.17

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Индия Республикасынын ортосунда Эркин соодалашуу аймагы (ЭСА) жөнүндө макулдашууну  түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюу 3-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунда болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК)  тараптан документке ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Вероника Никишина кол койду. Индия тараптан - бул өлкөнүн өнөр жай жана соода боюнча мамлекеттик министри Нирмала Ситхараман кол койду.  

2016-жылы ЭСА жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө изилдөө жүргүзгөн биргелешкен жумушчу топ өз ишин аяктаган. Талдоо соода режимин өз ара либералдаштыруу кыска мөөнөттү перспективада эле ЕАЭБтин бардык өлкөлөрүнүн жана Индиянын ИДӨсүнүн өсүшүнө алып келерин көрсөткөн. Мындан тышкары, эксперттик бааларга ылайык, эркин соодалашуу режимине өтүүдө товар айланымы азыркы деңгээлден 30-40% чейин өсүшү мүмкүн, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген тарифтик либералдаштыруунун тереңдигине жараша.

“Бүгүн ЕАЭБтин жана Индиянын ортосундагы өз ара мамилелердин жаңы баскычы башталат. Ал сооданы кеңейтүү жана биздин өлкөлөрдүн экономикалары муктаж болуп турган инвестицияларды өз ара тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат, - деп белгиледи Вероника Никишина. - Бизде кызматташтыкты сапаттуу өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү пайда болот. Биз рыноктордо биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүп, кооперацияны күчөтүп, экономиканын бардык чөйрөлөрүндө бизнес-диалогду жөнгө салуу үчүн өбөлгөлөрдү жарата алабыз”.

Өз кезегинде, Нирмала Ситхараман ЭСА жөнүндө макулашууну түзүүгө Индиянын жогору кызыкдарлыгын белгиледи. Анын пикири боюнча, макулдашуу ЕАЭБ жана Индиянын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн максималдуу натыйжага жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Алдыда боло турган сүйлөшүүлөр соодалык жөнгө салуунун кеңири спектрин камтымакчы, анын ичинде бажылык башкарууну, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону жана кайтарууну, өз ара соодада тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды төмөндөтүүнү ж.б.

Макулдашуу күчүнө киргенден кийин тарифтерди четтетүү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Индияга айыл чарба продукциясынын экспортунун көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Атап айтканда, дан өсүмдүктөрүнүн, өсүмдүк майларынын, жашылчалардын, суусундуктардын, анын ичинде минералдык суунун экспорту көбөйөт. Кеп ошондой эле жер семирткичтер, машиналар жана жабдуулар, транспорттук каражаттар, турбореактивдик кыймылдаткычтардын айрым түрлөрү, туз, болоттон жасалган буюмдар, жыгачтар, химикаттар, резина, пластмасса сыяктуу өнөр жай тобунун товарларынын экспорттук жеткирүүлөрү жөнүндө болууда.