Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелерине биримдиктин деңиз жолдорун колдонуу оңоюраак болот

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелерине биримдиктин деңиз жолдорун колдонуу оңоюраак болот

160218_004.jpg
03.10.17

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу 2-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде жактырылган. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, вице-премьерлер Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтерди макулдашты.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу биримдиктин ички сууларына ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери алдында кемелердин жеткилигин жөнөкөйлөтөт жана деңиз транспорту менен ташууларды жүргүзүүдө бизнестин административдик коромжуларын төмөндөтөт. Документтин маанилүү бөлүгү болуп кеме документтерин жана кемелердин капитанынын жана экипаж мүчөлөрүнүн  квалификациялык документтерин өз ара таануу болуп эсептелет. Макулдашуу чектеш ички суу жолдорунда ташууда жана сүйрөөдө, транзитте жана эки тараптуу ташууларда кемелердин сууда сүзүүсүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. ЕЭК Кеңеши макулдашуунун сунушталган долбоорун кабыл алды жана аны документке кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү үчүн мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жөнөттү.

ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун алкагында демилгелер менен иштөөнүн тартиби макулдашылды. Документтин негизи болуп, иштин бардык баскычтарын камтыган процесстик модель эсептелет (ишмердүүлүктүн байланыштуу модели): демилгени иштеп чыгарууга билдирүү бергенден баштап долбоорду ишке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин. Эксперттер тобун түзүү сунушталат (демилгелерди башкаруу кеңсеси деп аталуучу), алардын иши талдоонун сапатын жана билдирүүлөрдүн баасын жогорулатат. Мындан тышкары, Комиссиянын порталынын базасында демилгелердин бирдиктүү реестри, ошондой эле долбоорлордун авторлорунун өз ара иштешүүсү, демилгелерди кароо процессинин мониторинги жана алардын негизинде изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн интерфейс түзүлгөн.

Процессти алдын ала моделдөө демилгелердин жашоо циклин натыйжалуу башкарууга, аларды баалоо жана жыйынтык чечимдерди кабыл алуу боюнча иш процессинин узактыгын кыскартууга мүмкүндүк берет.  Долбоорлордун үстүндөгү иштеги күндөлүк өзгөрүүлөргө аракеттин ылдамдыгы жогорулайт, каржы коромжулары төмөндөйт, мамлекеттин жана бизнестин ортосундагы кооперациянын сапаты өсөт.

Документтин долбоору Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда өкмөт башчыларынын кароосуна жөнөтүлгөн.

ЕЭК Кеңеши 2017-жылдын 11-октябрында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин бир катар чечимдеринин долбоорлорун жактырды. Анда Биримдиктин соода жана транспорттук саясатынын жаатында бир катар маселелер каралат. Күн тартибинин негизги темаларынын бири 2025-жылга чейин ЕАЭБтин Санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун негизги багыттарын талкуулоо болмокчу. Мындан тышкары, 2018-жылга Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары сунушталат. Президенттерди ЕАЭБтин Бажы кодексин ратификациялоонун жүрүшү жөнүндө маалымдашат, ал 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.

Күн тартибинин дагы бир маселеси - Жерди аралыктан зонддоонун дайындарынын улуттук булактарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы.​