Sign In
Татьяна Валовая: «ЕАЭБ криптовалюталар жана блокчейнге карата макулдашылган мамиле иштеп чыгышы зарыл»

Татьяна Валовая: «ЕАЭБ криптовалюталар жана блокчейнге карата макулдашылган мамиле иштеп чыгышы зарыл»

dd.jpg
30.03.18

Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая өзү модератор болгон «Криптовалюталар: акча жүгүртүү тутумундагы орду жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген таасири» деп аталган панелдик сессияда билдирди.

Иш чара 28-мартта «БЛОКЧЕЙНРФ-2018» конгрессинин алкагында болуп өттү жана Евразиялык экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) криптовалюталар жана блокчейн технологиясы тематикасын талкуулоо сериясынын уландысы болуп калды. Талкууга бизнес өкүлдөрү жана криптовалюталар жана блокчейндин улуттук ассоциацияларынын өкүлдөрү катышышты. Талкууну ачып жатып, Татьяна Валовая криптовалюталар феноменинин жана блокчейн технологиясынын ЕАЭБтин интеграциялык потенциалын ишке ашыруудагы маанисин белгилеп өттү: «Биримдиктин алкагында 2025-жылга чейин экономикалык интеграция программасы бар, бирок дүйнө ушунчалык бат өзгөрүүдө, милдеттүү программаны аткаруудан сырткары, дүйнө дуушар болуп жаткан жаңы глобалдуу чакырыктарга тез жана өз убагында жооп берүү зарыл. Мындай криптовалюталар деген феномендин пайда болушу, албетте, чакырык болуп саналат, анын ичинде макроэкономикалык саясатты жүргүзүү жагынан алганда. Бул Биримдиктин алкагында макулдашылган мамилелерди иштеп чыгууну талап кылат».

Спикерлер бир катар концептуалдык сунуштарды, анын ичинде улуттан жогорку криптовалютанын архитектурасын түзүү жана блокчейн тармагындагы компетенциялардын евразиялык борборун түзүү боюнча демилгелерди айтып өтүштү. ЕЭК министри интеграциянын учурдагы деңгээлинде бирдиктүү улуттан жогорку криптовалютага экономикалык муктаждык жок экенин, бирок бул ал инструменттерге карата бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга муктаждык жок дегени эмес экенин белгиледи. «Дүйнөдө эмне болуп жаткандыгын түшүнүү жана ага активдүү жооп кайтаруу керек. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн криптовалюталар феноменине жана блокчейн технологиясына болгон жообу тутумдуу жана макулдашылган болушу керек».

Криптовалюталардын акча жана насыя тутумундагы орду жөнүндөгү маселе спикерлер карап өткөн маанилүү аспектилердин бири болду. Макроэкономика жагынан алганда, криптовалюталар акча жүгүртүү тутумуна болгон мамилелерди өзгөртөт жана ошого жараша, макроэкономикалык туруктуулукка жана стабилдүүлүккө таасирин тийгизиши мүмкүн. Буга байланыштуу, бул маселе боюнча жеке активдүү позицияны түзүү үчүн бул тармактагы дүйнөлүк тренддерди түшүнүү зарыл.

Талкуунун катышуучулары бүгүнкү күндө блокчейн технологиясынын жана криптовалютардын ченемдик укуктук жана институционалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча ЕАЭБтин лидери болгон Беларустун тажрыйбасын талкуулашты. Армениянын жана Казакстандын өкүлдөрү, өз кезегинде, блокчейн технологияларынын өз өлкөлөрүндө акырындык менен өнүгүп келе жаткандыгы жөнүндө билдиришти жана улуттук жөнгө салуучулардын криптовалюталар маселесине карата токтоо позицияда экендигин белгилеп өтүштү. Ошондуктан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн криптовалюталарды жөнгө салуу тармагындагы тажрыйбасы алардын зор кызыгуусун туудурат.

Маалымат

«БЛОКЧЕЙНРФ-2018» конгресси – блокчейн технологиясынын жана анын негизинде түзүлгөн өнүмдөрдүн иштеп чыгуучулары жана колдонуучуларынын тармактык конгресси.

Криптовалюталардын жана блокчейндин россиялык ассоциациясы (РАКИБ) уюштурган бул иш чарада санариптик экономиканын негизги фигуралары жана алдыңкы эксперттер катышышты – жөнгө салуу органдарынын өкүлдөрү, депутаттар, тажрыйбачы адистер, экономисттер, финансисттер, иштеп чыгуучулар, юристтер жана инвесторлор.

Конгресстин алкагында пленардык талкуу, көргөзмө жана актуалдуу темалар боюнча панелдик сессия орун алды. Иш чаранын жүрүшүндө спикерлер Россияда санариптик экономиканы жана технологиялык платформаларды өнүктүрүү маселелерин, тармакты мыйзамдык жөнгө салуу ыкмаларын, өсүү мүмкүнчүлүктөрүн жана криптоинвестициялардын динамикасын, криптовалюталардын майнингин, мамлекеттик башкаруу тутумундагы жана соода секторундагы блокчейнди, бизнести жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жеке акчаларды пайдаланууну талкуулашты.

28-мартта Беларусь Республикасында Беларусь Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин технологиялар жаатындагы ишмердүүлүктүн 36 түрү боюнча (алардын төрт түрү блокчейндин негизиндеги технологияларга, анын ичинде криптобиржалардын, криптовалюта алмаштыруучу жайлардын, ICO операторлорунун ишмердүүлүгүнө арналган) укуктарын бекитүүчү № 8 Декрет күчүнө кирди.