Sign In
ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБ товарларын көзөмөлдөөнүн архитектурасы, аң-тери буюмдарын маркалоо жана Евразиялык технологияларды трансферлөө тармагын түзүү маселелери талкууланды

ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБ товарларын көзөмөлдөөнүн архитектурасы, аң-тери буюмдарын маркалоо жана Евразиялык технологияларды трансферлөө тармагын түзүү маселелери талкууланды

30.03.18

30-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товарларын көзөмөлдөө тутумунун архитектурасын талкуулашты, тондорду жана аң-тери буюмдарын контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө отчетту карап чыгышты, Евразиялык технологияларды трансферлөө тармагын (ЕТТТ) түзүү чечимин кабыл алышты. Бирдиктүү фитосанитардык талаптарга жана ЕАЭБтин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди.

ЕАЭБтин товарларын санариптик көзөмөлдөө тутумунун иштеп чыгуучусу анын архитектурасынын презентациясын өткөрдү.

 «Биздин өнөктөш өлкөлөр Федералдык бажы кызматынын жүктөрдү көзөмөлдөө жаатындагы иштеп чыгуулары менен көрүнөө тааныша алышы үчүн Комиссиянын Кеңешинин отуруму бүгүн Федералдык бажы кызматынын дубалдарында өтүүдө, – деп ЕЭК Кеңешинин отурумунда төрагалык кылып жаткан, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары Игорь Шувалов билдирди. – Көрсөтүлгөн маалыматтык тутум, биринчи кезекте, бажылык жол-жоболорду өтүүнүн ачыктыгын сактоону камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Бул биздин биргелешкен иштин приоритеттеринин бири болуп саналат. Биз Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрү менен бул тармакта активдүү кызматташууга үмүт кылабыз».

Биримдиктин өлкөлөрүндө пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө макулдашуу орун алды. Кеп ЕАЭБ товарларынын санариптик платформасынын негизинде товарларды бир товардык топтун алкагында маркалоо жана көзөмөлдөө боюнча долбоорлор жана ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин аймактары аркылуу автомобиль жана темир жол транспортун пайдаланып, навигациялык пломбалардын (интеллектуалдык трекерлердин) жардамы менен ташылууучу транзиттик жүк ташууларга мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорлор жөнүндө болуп жатат.

«Биздин товарларды көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорлорубуздун максаттарынын бири – бизнес үчүн бир кыйла жакшы шарттарды түзүү, транзиттик тейлөөнү ылдамдатуу болуп саналат», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян баса белгиледи. Ошондой эле, пилоттук долбоорлорду ишке ашыргандан кийин, көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн кайсы тутумдарды ЕАЭБ өлкөлөрүндө киргизүү мүмкүн экени түшүнүктүү болорун белгилеп өттү. Жалпы архитектуранын аркасында көзөмөлдөө боюнча улуттук долбоорлордун байланыштуулугу камсыз кылынышы зарыл.

Комиссиянын Кеңешинин мүчөлөрүнө тондорду жана аң-тери буюмдарын контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетберилди.

Маркалоо тутумун киргизүүнүн негизги оң таасирлеринин бири – аң-тери буюмдары рыногунун олуттуу «агарышы» болду. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын рынокторуна 5,1 млн табигый аң-териден жасалган буюмдар жүгүртүүгө киргизилген. Бул рыноктун сыйымдуулугу жөнүндө расмий статистикалык маалыматтардан кыйла жогору. Мисал үчүн, Росстаттын жана Россиянын ФБКсынын расмий маалыматтарына ылайык, 2015-жылы 376 миң буюм чыгарылган жана Россияга алып келинген. Продукциянын бир бөлүгү мурункудай эле көмүскө жүгүртүүдө экенин эске алуу керек. Маркалоо тутумун киргизүүнүн дагы бир оң аспекти болуп бажылык төлөмдөрдүн өсүшү, ошондой эле кыйыр түрдө – рыноктун субъектилеринин мыйзамдаштырылуусу саналат.

Бүгүнкү күндө пилоттук долбоор Беларусь Республикасында (2016-жылдын 20-мартынан тартып), Казакстан Республикасында (2017-жылдын 27-ноябрынан тартып) жана Россия Федерациясында (2016-жылдын 1-апрелинен тартып) ишке ашырылууда. Армения Республикасы жана Кыргыз Республикасы долбоорго ушул жылы кошулууну пландаштырууда.

Евразиялык технологияларды трансферлөө тармагын түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн концепциясы бекитилди. ЕТТТ түзүү ЕАЭБте натыйжалуу инновациялык инфраструктураны жаратат, Биримдиктин мамлекеттеринин кызматташтыгынын алдыңкы формаларына уюштуруучулук колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат, ишканалардын инновациялык активдүүлүгүн жогорулатат, өнөр жай продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат.

Документке ылайык, ЕТТТ ишкердик байланыштарды түзүүгө жана технологиялар менен алмашууга мүмкүндүк берген аянтча болуп калат. Тармакка кызыкдар өнөр жай ишканалары, илимий уюмдар, жогорку окуу жайлары, инновациялык-технологиялык борборлор, технологияларды трансферлөө борборлору, технопарктар, бизнес-инкубаторлор, ошондой эле учурдагы билимди, илимий изилдөө иштеринин натыйжаларын, жаңы технологияларды жана иштеп чыгууларды өткөрүп берүүгө, ишке киргизүүгө жана ийкемдөөгө кызыкдар болгон чакан бизнестин өкүлдөрү кирет.

ЕТТТ ЕАЭБтин өнөр жай ээлерине алдыңкы иштеп чыгууларга жетүү мүмкүндүгүн гана эмес, технологиялык аудит жүргүзүү маселелери жана технологияларды трансферлөө маселелери боюнча мыйзамдарды колдонуу боюнча консультацияларды алуу мүмкүндүгүн берет. Концепцияны иштеп чыгууда ушул сыяктуу тармактарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча мыкты дүйнөлүк тажрыйбалар изилденген. Документке тармактын алкагында өз ара аракеттенүүнүн жана иштөөнүн макулдашылган принциптери, форматтары жана механизмдери кирди.

Ошондой эле, концепцияга маалыматты, технологияларды жана жогорку технологиялык жабдуулардын тизмегин издөө жана алмашуу үчүн адистештирилген платформаны түзүү мүмкүнчүлүгү кирди. ЕТТТда технологиялык сурамаларды жана сунуштарды жайгаштыруу принциби колдонулат деп болжолдонууда.

ЕЭК Кеңешинин эки чечими​ Биримдиктин өлкөлөрүндө карантиндик фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБтин бажылык чек арасында жана бажылык аймагындагы карантин астындагы продукцияга жана объектилерге карата колдонулуучу Бирдиктүү фитосанитардык талаптарга жана ЕАЭБтин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмегине өзгөртүүлөрдү бекитти. Актуалдаштырылган документтер Биримдикке элүүдөн ашык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтеринин кирүүсүн алдын алууга жардам берет.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн каржы рыногунда шарттарды түзүү максатында Армения Республикасынын маалымат, анын ичинде купуя жана каржы тармагындагы маалыматтар алмашуу жөнүндө Келишимге кошулуусу жөнүндө Протоколго кол коюшту. Келишим 2016-жылдын 21-октябрында күчүнө кирген. Ал каржы рыногунда капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу жана каржы кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн жана инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет.

1.     Ички рыноктордун иштөөсү боюнча консультативдик комитеттин отуруму
2.     ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги отуруму
3.   Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин 2018-жылдын 5-апрелиндеги отуруму
4.     ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Россиялык банктар ассоциациясынын съездинде сүйлөгөн сөзү
5.     ЕЭК жана «Мир» ЭТРКнын ортосундагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум
6.     ЕЭКтин ЭСКАТОнун туруктуу өнүгүүсү боюнча Бешинчи Азия-Тынч океандык форумдун алкагындагы тегерек столу
7.     ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы отуруму
8.     2018-жылдын 30-мартындагы ЕЭК Кеңеши
9.     Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жана ЕАЭБтин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо
10.   ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын 27-мартындагы отуруму