Sign In
ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: бут кийим өндүрүүчүлөрдүн коромжулары төмөндөйт, ал эми дарылардын жалпы рыногунда айкын эрежелер түзүлөт

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: бут кийим өндүрүүчүлөрдүн коромжулары төмөндөйт, ал эми дарылардын жалпы рыногунда айкын эрежелер түзүлөт

111.jpg
30.06.17

Техникалык жөнгө салуу жана бажылык башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдер ЕЭК Коллегиясында 30-июнда кабыл алынды.

Билдирүүлөрдүн электрондук түрлөрүнө жана медициналык буюмдарды жана каражаттарын каттоодо түзүлгөн документтердин досьесине карата талаптар жактырылган. Мындай жол менен дарылардын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногунун заманбап санариптик технологиялык инфраструктурасы түзүлөт. Талаптар Биримдик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына бериле турган электрондук формаларды толтуруунун түзүмүн жана эрежелерин аныкташат. Бул чечимдерди кабыл алуу бийлик органдарынын, көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн алкагында рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Коллегиясы Чакан кемелерди классификациялоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитти. Бул бардык кызыкдар жактар үчүн чакан кемелер жөнүндө маалыматтардын айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, көзөмөлдөөчү ведомстволорго берилген маалыматтардын тизмесин унификациялоого, жана Биримдиктин бизнесине жана жарандарына административдик жүктөмдү төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Кабыл алынган тартипте бирдиктүү реестрге киргизилген дайындардын толук тизмеси, анын ичинде чакан кеменин каттоо номери, иштөө мөөнөтү, аны даярдоочу жана ээси жөнүндө маалыматтар, чакан кеменин категориясы жана бир катар башка дайындар аныкталган.

ЕАЭБтинАвтомобилдик жана авиациялык бензин, дизелдик жана кеме отуну, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун жана мазутка талаптар жөнүндөтехникалык регламентине карата стандарттардын тизмесинин жаңы  редакциясы кабыл алынды. Актуалдаштырылган тизмеге автомобиль бензининде октан жана цетан санын, күкүрттүн, бензолдун, көмүрсуутектердин жана башкалардын  массалык үлүшүн аныктоонун ыкмалары менен байланыштуу 40 мамлекеттер аралык стандарттарды киргизилетУлуттук стандарттарды колдонуунун өткөөл мезгилдери аныкталды.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү ЕАЭБтинТөмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндөтехникалык регламентине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизишти.  Бул өндүрүлгөн товарлардын, анын ичинде кабелдик продукциянын, сактагычтардын, конденсаторлордун, шам чырактардын, айрым тиричилик электр приборлорунун сапатына жана коопсуздугуна карата эл аралык жана евразиялык талаптарды айкалыштырууга мүмкүндүк берет. Атап айтканда, 359 жаңы мамлекеттер аралык стандарттардан 244дө IEC жана ISO ченемдери жана 115де - EN ченемдери эске алынат.

Ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү 57 – 66 ГГц радиожыштык тилкесинде иштеген, өткөрүүчүсүнүн чыгуучу кубаттуулугу 100 мВт ашпаган, IEEE 802.11ad перспективдүү стандартынын радиоэлектрондук каражаттарын киргизүүнүн эрежелерин жөнөкөйлөтүү жөнүндө чечим кабыл алышты.    57 – 66 ГГц радиожыштык тилкесинде иштеген, өткөрүүчүсүнүн чыгуучу кубаттуулугу 100 мВт ашпаган учактардын, катерлердин ж.б. моделдерин радиобашкаруунун аппаратурасын киргизүүгө уруксат берүүчү документтердин кереги жок болот. Кабыл алынган чечимдин дагы бир маанилүү натыйжасы IEEE 802.11ac стандартынын алкагында колдонуу үчүн уруксат берилген радиожыштык тилкесин  5650 – 5725 МГц-тен 650 – 5850 МГц-ке чейин көбөйтүү болуп саналат.

Мындай жол менен тиричилик электроникасын жана компьютердик техниканы, анын ичинде  киргизүүдө Wi-Fi роутерлерин, аралыктан башкарылуучу механизмдерди, радио менен башкарылуучу моделдерди, учуучу чакан аппараттарды ж.б. киргизүүдө кошумча административдик чектөөлөр алынып салынат. Бул товарларды бажылык тариздөөнүн жана жеткирүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууга, азыркы коромжуларды азайтууга жана операциялык ишмердүүлүктү жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБтин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү Товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) жана Бирдиктүү бажы тарифине (ББТ) булгаары-бут кийим өнөр жайы үчүн боекторго жана лактарга карата өзгөртүүлөрдү киргизди.  Товарлардын бул түрлөрү ЕАЭБ ТЭИ ТН 3210 00 900 0 подсубпозициясында аныкталган. Аларга карата ЕАЭБ ББТ кириш бажы алымынын 0% өлчөмүндө чени эки жылдык мөөнөткө коюлган.

Бул бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы Биримдик өлкөлөрүнүн экономикасынын булгаары жана булгаары-галантереялык тармагын колдоого багытталган, анткени жасалга материалдары катары колдонулган боектор жана лактар ЕАЭБте өндүрүлбөйт.

ЕЭК Коллегиясынын чечими менен авто- жана мототранспорттук каражаттардын жана аларга чиркемелердин тизмеси бекитилген, алар ЕАЭБ Бажы кодекси күчүнө киргенден кийин Биримдиктин аймагына жеке колдонуу үчүн транспорт каражаттары катары киргизиле алатТизмеге ЕАЭБ ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификацияланган жеңил автомобилдер (медициналык максаттарга арналгандардан башка); ЕАЭБ ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификацияланган, жалпы колдонуучу жолдор боюнча кыймыл үчүн арналбаган квадроциклдер, карда жүрүүчүлөр, карда-сазда жүрүүчүлөр, мото-жол тандабастар жана башка мотордук транспорттук каражаттар (жалпы колдонуучу жолдор боюнча кыймыл үчүн арналбаган жарыш автомобилдеринен башка); ЕАЭБ ТЭИ ТН 8711 товардык позициясында классификацияланган мотоциклдер, мопеддер, мотороллерлер; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8702 товардык позициясында классификацияланган, айдоочу менен кошулганда, 12ден ашык эмес адамды ташуу үчүн мотордуу транспорттук каражаттар; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8704 21 жана 8704 31 субпозицияларында классификацияланган, 5 тоннага чейинки толук массадагы жүктөрдү ташуу үчүн мотордуу транспорттук каражаттар; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8716 товардык позициясында классификацияланган, толук массасы 3,5 тоннага чейин жеткен чиркемелер (автомобилдерди ташуу үчүн чиркемелерден  башка), ЕАЭБ ТЭИ ТН  8716 субпозициясында классификацияланган, жашоо үчүн же автотуристтер үчүнүй-авточиркеметүрүндөгү чиркемелер кирди.

Ошондой эле бул чечимде декларанттар жана бажы кызматтары, аларга ылайык транспорт каражаттарынын чыгарылган датасын жана жумушчу көлөмүн аныктоочу тартип жазылган.

Чечим жеке жактар Бажы биримдигинин бажы чек арасы аркылуу  жеке колдонуу үчүн товарларды өткөрүүсүнүн жана алардын 2010-жылдын 18-июнунан тарта чыгарылышына байланыштуу бажы операцияларын аткаруунун айрым жоболорун алмаштырат, жана Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси менен бир эле учурда колдонулат.​