Sign In
ЕЭК Россияны ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды

ЕЭК Россияны ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды

01.07.20

30-июнда ЕЭК Коллегиясынын отурумунун жыйынтыктары боюнча Россияны Евразия экономикалык бирлигинин укугун аткаруу зарылчылыгы тууралуу маалымдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Коллегия Россельхознадзордун айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүнү жана анын аймагы аркылуу Бирликтин мүчө мамлекеттерине алып өтүүнү чектөө боюнча аракеттерин ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдук катары квалификациялайт.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө белорус уй этин Россияга жеткирүүлөр Россельхознадзор тарабынан 2019-жылдын аягынан тарта токтотулгандыгы аныкталды.

Бирликтин укугуна ылайык, контролго жаткан товарларды ЕАЭБдин бажы аймагынын алкагында транспорттун бардык түрлөрү менен ташып өткөрүүдө ветеринардык контролду мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары аталган товарларды өндүрүүдө жана жүктөп жөнөтүүдө ишке ашырышат.