Sign In
Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүү иштери аяктоодо

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө электрондук автопаспорттор боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүү иштери аяктоодо

30.09.16

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык биримдигинде транспорт каражаттарынын паспортунун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын киргизүү жана электрондук паспорттор системасын уюштуруу жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Отурумга ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын, транспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу-уюмдардын, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК өкүлдөрү жумушчу топтун мүчөлөрүн 27-сентябрда Комиссия Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө  электрондук автопаспортторду толтуруу үчүн зарыл болгон маалымдамаларды жана классификаторлорду бекиткени туурасында маалымдады.  Бул документтерди бекитүү менен ЕЭК Коллегиясы бул чөйрөдө Комиссиянын компетенциясына тиешелүү Макулдашууларда каралган ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштерди аяктады.

Россиялык “Электрондук паспорт” АК - Биримдикте электрондук автопаспорттор системасынын администраторунун - өкүлдөрү бул системалар быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта пайдаланууга киргизилүүгө даяр экендигин билдиришти.

ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жумушчу топтун мүчөлөрүнө өлкөлөрдө электрондук паспорттор системасын ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.  Отурумдун катышуучулары маморгандар кыска мөөнөттө, электрондук паспорттор системаларын пайдаланууга киргизилгенге чейин, электрондук паспортту жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берген ченемдик-укуктук базаны түзүүнү аякташы керек экендигин баса белгилешти.