Sign In
1-октябрда Евразия экономикалык биримдигинде электрондук автопаспорттор системаларынын тажрыйбалуу пайдалануусу башталат

1-октябрда Евразия экономикалык биримдигинде электрондук автопаспорттор системаларынын тажрыйбалуу пайдалануусу башталат

30.09.16

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системаларынын даярдыгын демонстрациялык көргөзүүгө катышты.

Демонстрациялык көргөзүү “Электрондук паспорт” АК аянтчасында болуп өтүп, анын башкы директору Илья Минкин тажрыйбалуу пайдаланууга даярдык жөнүндө билдирди. Иш чарага ошондой эле ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиев, Росстандарттын, “Ростехнологиялар” мамкорпорациясынын өкүлдөрү, автоөндүрүүчүлөр катышышты.

ЕЭК министри Валерий Корешков мындай деп белгиледи: “2016-жылдын 27-июнунда Евразия экономикалык биримдиктин өлкөлөрү үчүн транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун бирдиктүү системасын киргизүү жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуу күчүнө киргенден кийин системаларды пайдаланууга киргизүү мүмкүн болду”.

Валерий Корешковдун айтымында, бирдиктүү базаны түзүү автомобилдердин конструкциялары Биримдиктин техрегламенттеринин ченемдерине ылайык келүүсүнө катуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыздоого, транспорт каражаттары бажы чек аралары аркылуу өтүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берет.

Иш чаранын катышуучулары ЕАЭБ  мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары кыска мөөнөттө, электрондук паспорттор системаларын пайдаланууга киргизилгенге чейин, электрондук паспортту жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берген ченемдик-укуктук базаны түзүүнү аяктоо керектигин баса белгилешти. 

Электрондук паспорттордун ээлери үчүн автомобилдерди сатуу-сатып алуу бир кыйла жеңилдейт. Автомобиль, айыл чарба, жол-курулуш техникаларынын жана техниканын башка түрлөрүнүн  бирдиктүү базасы ар кандай тобокелдерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, мисалы, жалпы рынокту  
коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген транспорт каражаттарынан арылтат.

Демонстрациянын жүрүшүндө электрондук паспорттордун базасын мындан ары колдонуу жана өнүктүрүү, транспорт каражатынын тибин жактырууну (ОТТС) алуу электрондук процедурасын түзүүнүн перспективасына, анын ичинде мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдары аны каттоосуна жана бекитүүсүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

 

Маалымат

“Электрондук паспорт” АК Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 59 чечими боюнча электрондук паспорттордун системасынын администратору болуп аныкталган.