Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБде АӨКтүн санариптик экотутумунун түзүлүшүн колдомокчу

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБде АӨКтүн санариптик экотутумунун түзүлүшүн колдомокчу

1.jpg
30.09.19
«Санариптик трансформациянын маанилүү элементи – агроөнөр жай комплексинин экотутумун тузүү. Жана бул жерде биз долбоордук ишмердик аркылуу тез стратегиялык пландоо принциби боюнча аракеттенген, кросс-тармактык мамиле керек. Логистиканы жалпы агроөндүрүш процессинен бөлүп кароого болбойт. АӨКтүн санариптик экотутуму агропродукцияны өндүрүүдөн баштап, аны өткөрүү, керектөө жана утилдештирүүгө чейинки толук жашоо циклин камтышы зарыл. Эгер биз бул экотутумдун бардык элементтерин башында белгилеп, аларды тең өнүктүрө баштасак, ошондо гана баары ийгиликтүү болот», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» Эл аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн «Агроөнөр жай комплексинин экспортунун логистикасы: эл аралык санариптик платформа» деп аталган эксперттик талкуунун жүрүшүндө баса белгиледи.

ЕЭК министринин пикири боюнча, биринчи кезекте «учурдагы платформалар жана контролдоочу ведомстволор жагынан алганда, бирдиктүү моделдерде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн кынтыксыздыгын камсыз кылуу» зарыл. Карине Минасян экотутумду мамлекеттер эмес, бизнес түзүшү зарыл, ал эми ага бардык керектүү шарттарды түзүү керек деп белгиледи. Бирликтин өлкөлөрү бирдиктүү иштөө стандарттарын камсыз кылууга тийиш, ал эми ишкерлер теоретикалык моделдерди иш жүзүндө ишке ашырышы зарыл. Евразия экономикалык комиссиясы өзүнө координатордун ролун алуу менен, бул иште максималдуу жардам берүүгө даяр.

Кыргызстандын ЭЭЗинин негизинде түзүлгөн товардык биржанын жетекчиси Михаил Петров мындай долбоорду иштеп чыгуунун үлгүсү менен бөлүштү: «Биз өндүрүүчүлөрдүн жана негизги сатып алуучулардын тике байланышын чечүүгө мүмкүндүк берген жана ошол эле мезгилде ташуудагы тобокелдиктерди төмөндөткөн аспапты түздүк. Биржалык механизмдер азыр жана ушул жерде спот боюнча сатып алууну гана эмес, азырынча отургузула элек, болочок продукцияны сатып алууну да караштырат – бул рынокту ашыкча өндүрүүдөн жана тартыштыктан коргойт».

Евразиялык санариптик платформаны да ишке ашыруу принциби ушундай болушу керек деп эсептейт «Агрохаб Карталы» Урал жана Сибирь боюнча орус-кытай долбоорунун жетекчиси Андрей Белов. «Агрологистика – бул эл аралык кооперациянын кыймылдаткыч күчү, жана регионалдык жана улуттук рыноктордун ортосунда тоскоолдуктар канчалык аз болсо, сооданын өзү ошончолук жакшы өнүгөт. Жаңы платформа жүк агымдарын толук талдоого жана биржалык фьючерстик механизмдерди пайдаланууга мүмкүндүк берет деп ойлойм. Ошентип, жетиштүүлүктү камсыз кылуу жана ашыкча өндүрүүнү жокко чыгаруу менен, айыл чарбасынын пландуулугуна жетүүгө болот», – деп ишенет эксперт.

Талкуунун катышуучуларынын пикири боюнча, бизнести алып барууну уюштуруунун линиялык түрүнөн «платформалык» түрүнө өтүү өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдү жана ритейлдин ортосундагы тармактык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Россиянын Каржы министрлигинин Илимий-изилдөө институтунун Тармактык экономика борборунун жетекчиси Инна Рыкова бүгүнкү күндө экспортко багытталган айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жоктугун жана бизнести алып баруунун заманбап шарттарында аны консолидациялоо талап кылынгандыгын баса белгилеп өттү. 

РӨИБдин Эл аралык кызматташтык боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары, сессиянын модератору Олег Дунаев ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн ресурстарын бириктирүү агроөнөр жай комплексинин өндүрүүчүлөрүнө эл аралык рынокторго оңоюраак кирүүгө жана атаандаштык артыкчылыктарын батыраак өстүрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенет. Бирок ал үчүн санариптик гана эмес, транспорттук-логистикалык инфраструктураны да камсыз кылуу зарыл. «ЕАЭБ өлкөлөрүн бириктирүүчү негизги транспорт жолдорунда Евразиянын бөлүштүрүү комплексинин дүң-бөлүштүрүү борборлорун, агроөнөр жай хабдарын курууга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Бул түйүндөрдү «Бир алкак – бир жол» кытай долбоорунун концепциясынын уландысы катары түзүүгө болот, – деп эсептейт Олег Дунаев. – Аяккы максат – АӨКтө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен эл аралык алмашуунун интеграцияланган санариптик экотутумун түзүү болуп саналат».

Мамлекеттер буга чейин бар болгон эл аралык иштеп чыгууларды пайдаланышы жана аларды өздөрүнүн магистралдык долбоорлору менен толукташы керек деп ишенет эксперт. 

ВЭБ институту АКэУнун директору, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы Эл аралык автомобилдик альянстын башкаруучу органдарынын мүчөсү Юлия Зворыкина өндүрүштүк технологиялар АӨКтөгү экономикалык өсүштүн драйвери болуп калышы мүмкүн деп баса белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Карине Минасян сөздөрдөн иш-аракетке өтүүнү сунуш кылды: «Бардык кызыкдар жактарга биригип, Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүү үчүн демилгени жол-жоболоштурууну сунуш кылар элем. Бул ЕАЭБде агроөнөр жай комплексинин санариптик экотутумун түзүүгө карай биринчи чыныгы кадам болот». 

Талкуунун аягында сессиянын катышуучулары ЕАЭБде АӨКтүн санариптик экотутумун түзүү боюнча бириктирилген позицияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ЕЭКтин аянтчасында мамлекеттер аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө каалоосун билдиришти. 

Маалымат
«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу иш-чара. 2019-жылы форум Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекте өткөрүлдү. Иш-чаранын күн тартиби Бирлик жөнүндө келишимдин беш жылдыгынын жыйынтыктарын талкуулоого багытталды. «Евразия жумалыгынын» программасында үч трек боюнча 20дан ашуун аянтчаларды камтыды: стратегиялык, өнөктөштүк, жаштар тректери. Форумда 2000ден ашуун адам катышты. 

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com