Sign In
Тигран Саркисян: «Чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгы – биздин Бирлик үчүн чакырык, анын ичинде транзиттик потенциалды ишке ашыруу жаатында»

Тигран Саркисян: «Чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгы – биздин Бирлик үчүн чакырык, анын ичинде транзиттик потенциалды ишке ашыруу жаатында»

1 (1).jpg
16.10.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагындагы панелдик сессияда транзиттик потенциалды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Иш-чара 30-сентябрда Ереванда «Тумо» креативдүү технологиялар борборунда орун алды.

Форумду Армения Республикасынын Премьер Министри Никол Пашинян ачты. Ал Армения ЕАЭБдин органдарында төрагалык кылып турган мезгилдин ичинде евразиялык интеграциянын оң динамикасын андан ары камсыз кылуу үчүн максималдуу иш-аракеттер көрүлгөндүгүн баса белгиледи. Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө жана алардын жарандарынын жыргалчылыгынын жогорулашына кошумча импульс берилди. Интеграциялык бирикменин приоритеттүү артыкчылыктарынын бири транспорт инфраструктурасынын өнүгүшү жана диверсификацияланышы болуп саналат, ал Бирликтин ичинде товар жүгүртүүнүн өсүшүн, ошондой эле товарлардын тышкы рынокторго экспортун камсыз кылат. 

«Тарыхый жактан алганда, Евразия континенти соода-экономикалык жана маданий процесстердин мозаикасы болуп саналат, ал эми Чыгыш менен Батыштын кесилишинде, Улуу Жибек жолунда жайгашкан Армения аталган процесстерде маанилүү роль ойногон», – деди Армениянын Премьер-министри.

Никол Пашиняндын пикири боюнча, Иран, Вьетнам, Кытай, Сингапур менен соода макулдашууларынын, ошондой эле Сербия, Египет, Индия, Израиль менен макулдашуулардын түзүлүшү Бирликтин экономикалык потенциалын бекемдөөгө, анын дүйнөлүк экономикага толук кандуу интеграцияланышын камсыз кылууга гана эмес, транспорттук коридорлордун географиясын кеӊейтүүгө жана континенттин потенциалын ишке ашырууга да мүмкүндүк берет.

«Армения Республикасы жакынкы келечекте жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн агымдарынын шексиз көбөйүшүнүн контекстинде жаңы рынокторго, керектүү инфраструктурага жана логистикага жетүүнү камсыз кылуу үчүн бардык иш-аракеттерди жасоого даяр, – деди Никол Пашинян. – Ошондой эле, Армения ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун жана Ирандын энерготутумун бириктирүүчү регионалдык электроэнергия хабы болуп калышы мүмкүн».

Тигран Саркисян форумдун катышуучуларынын көңүлүн Евразия экономикалык бирлиги аркылуу ташуулардын потенциалы толугу менен ишке ашырылбай жаткандыгына бурду. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн кайсы багытта аракеттенүү жөнүндө консенсусу жана түшүнүгү бар деп белгиледи. «Биздин транзиттик потенциал абдан чоӊ. Биз өзүбүздүн салыштырмалуу артыкчылыктарыбызды Бирликтин аймагында ишке ашырышыбыз зарыл, бул мейкиндикти санариптештиришибиз керек», – деп ишенет Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы потенциалдын начар ишке ашырылышынын көйгөйү – чечимдерди кабыл алуунун жана мыйзамдардын имплементацияланышынын ылдамдыгында деп ишенет. Анын айтуусу боюнча, Бирликте башкаруу тутумун мыктылоо маселесин талкуулоо зарылчылыгы туулду. «Биздин талкуулар жана кабыл алынып жаткан чечимдер дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн масштабына жана ылдамдыгына шайкеш келиши зарыл. Долбоорлорду ишке ашыруу процессинде түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушубуз керек», – деп Тигран Саркисян баса белгиледи. 

Санариптештирүү маселелери менен ушундай жагдай болгон. 2016-жылы Комиссия, ал ЕАЭБ жөнүндө келишим менен каралбагандыгына карабастан, мамлекеттердин лидерлери тарабынан жактырылган ЕАЭБдин санариптик күн тартибин баштаган. Бирок учурда «санарип» – бул цивилизациялуу дүйнөнүн келечеги эмес, анын бүгүнкү күнү экендиги баарына түшүнүктүү. Жана мындай өз убактында кабыл алынган чечим Бирликтин экономикасына глобалдык тренддерге ылайык өнүгүүгө мүмкүндүк берди. 

«Чечимдерди кабыл алуу ылдамдыгы – биздин Бирлик үчүн чакырык, анын ичинде транзиттик потенциалды ишке ашыруу жаатында. Бул, улуттан жогорку орган чечимдерди тез кабыл алууга ыйгарым укуктарга ээ болушу үчүн, интеграциянын тереңдешин түшүндүрөт. Макулдашылган саясаттарды жүргүзүү жол-жоболорун туруктуу түрдө мыктылап туруу зарыл», – деди Тигран Саркисян.

Анын пикири боюнча, транзиттик потенциалды ишке ашыруунун стратегиясында чечимдерди тез кабыл алууга, жаңы заманбап инфраструктураны, жогорку ылдамдыктагы жолдорду курууга жөндөмдүү өлкөлөр алдыңкы позицияларды ээлей алышат. Ал эми улуттан жогорку орган буга жардам бериши зарыл. Ар башка өкмөттөр улуттук программаларды иштеп чыгып, андан кийин аларды макулдашышы бир кеп, ал эми чечимдерди кабыл алуу ылдамдыгын жогорулатууга жардам бере алган жана жардам бериши керек болгон Комиссиянын болушу – башка кеп. 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы статистиканы келтирди. ЕАЭБде транзиттин наркы товардын аяккы наркынын дээрлик 30% түзөт. Европа бирлигинде, АКШда – дээрлик 10%. «Мындай башкаруу тутуму менен биз атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Ооба, биз жүк агымдарын көбөйтө беребиз, көлөмдөр өсө берет, бирок эски тутум эң жогорку талаптарга шайкеш келүүгө жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн темптерине жетүүгө мүмкүндүк бербейт. Биздин транзиттик ташуулардагы салыштырма салмагыбыз азая берет», – деди ал.

Улуттан жогорку органга чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берүү зарыл. Чечимдерди кабыл алуунун, аларды макулдашуунун ыкчамдыгы жана алардын Бирликтин жөнгө салуучу актыларына имплементацияланышынын тездиги евразиялык интеграциялык күн тартибинин маанилүү милдети болуп калууга тийиш. «Макулдашылган саясаттар – биздин ЕАЭБ жөнүндө келишим менен бекитилген нерсе. Улуттук мыйзамдарды, ченемдик актыларды шайкеш келтирүү зарыл», – деп Тигран Саркисян жыйынтыктады.

Анын айтуусу боюнча, улуттук ченемдик-укуктук актыларды натыйжалуу шайкеш келтирүүнүн мисалы катары Бирликтин Бажы кодексин алууга болот. Аталган документти иштеп чыгууда бизнестен 1000ден ашуун пикирлер келип түшкөн, алардын 70% ЕАЭБ БКда эске алынган. Натыйжада жүктөрдү бажылык жол-жоболоштуруу убакыты бир нече эсеге кыскарган. Бирок бизнес-коомдоштук ЕАЭБдин Бажы кодексинде каралган алдыңкы механизмдер жай имплементацияланууда деп белгилөөдө.

Панелдик сессиянын модератору, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин президенти Виктор Христенконун пикири боюнча, Бирликтин приоритеттеринин катарында, албетте, – транзиттик потенциал, анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мамлекеттердин ортосунда ишенимди жогорулатуу. Аталган ишеним товарларды жана транспорт каражаттарын санариптик көзөмөлдөөгө, ЕАЭБде болуп жаткан бардык процесстер жөнүндө ишенимдүү түшүнүк алууга мүмкүндүк берген элементтерге таянышы зарыл. Инфраструктуралык кезигүүлөр, транспорт-логистика түзүмдөрү, Виктор Христенконун пикири боюнча, интеграциялык процесстердин абдан маанилүү бөлүгү болуп саналат.

«Эгер Бирликтин өлкөлөрү Бирликтин ичиндеги транспорт саясатын натыйжалуу ишке ашырышса, алар өздөрүнүн транзиттик потенциалын кыйла толугураак ача алышат, – деп Виктор Христенко баса белгиледи. – Натыйжалуу – бул түшүнүктүү, ачык жана тоскоолдуктарсыз дегени».

Ал заманбап дүйнөнүн транзит маселелериндеги эң негизги тренддеринин бири – бул санариптик трансформация маселеси деп эсептейт: «Санариптик трансформация олуттуу деңгээлде бир катар чакырыктарга жооп бере алат – бул транзитти контролдоо, товарларды жана транспорт каражаттарын көзөмөлдөө. Жана бул үчүн аспаптар бар. Бул жерде бирдиктүү бир түргө келтирилген мамилени катуу ишке ашыруу керек. Бул жогорку транспорттук потенциалды ЕАЭБдин ичинде ишке ашырууга гана эмес, анын натыйжалуулугун Бирликтен тышкары өнөктөштөргө көрсөтүүгө да мүмкүндүк берет деп ойлом».

Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян «Армения – Евразия экономикалык бирлигинин ЕАЭБ өлкөлөрү менен жалпы чек аралары жок жалгыз мамлекети. Бул, бир тараптан, баарыбыз үчүн кошумча аракеттерди талап кылат. Экинчи тараптан, Бирлик үчүн – бул башка өлкөлөр менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү» деп белгиледи.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри орун басары Игорь Петришенко транспорттук бөлүксүз жана транзит боюнча жогорку ылдамтыктарсыз ЕАЭБ дүйнөлүк соодада өзүнүн татыктуу ордун ээлей албайт деп ишенет. «Ошондуктан биз инфраструктурабызды кеӊейтип жана мыктылап жатабыз, – деди ал. – Биз үчүн ЕАЭБдин алкагындагы эл аралык автомобиль ташуулары абдан маанилүү. Биз тийиштүү пландарды эчак эле белгилеп койгонбуз, жана алар президенттер тарабынан бекитилген. Тилекке каршы, биз азырынча каботаждык ташуулар маселесин чече элекпиз, жана бул кошумча кыйынчылыктарды жаратууда».

Игорь Петришенко транспорттун бардык түрлөрүндө транзиттик бөлүктү санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Темир жолдо айрым жылыштар бар. Биринчи кезекте бул документтерди жол-жоболоштуруунун санариптештирилиши, электрондук кол тамганын таанылышы жана колдонулушу. Эң маанилүү бөлүк – авиация. Бул багыттагы ишти активдештирүү зарыл». 

Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары – каржы министри Алихан Смаилов Казакстанда акыркы он жыл ичинде транспорт инфраструктурасына 30 млрд доллардан ашуун каражат инвестициялангандыгы жөнүндө билдирди. «Биз Казакстандын аймагында 11 эл аралык каттамды түздүк – беш темир жол каттамы, алты автомобиль каттамы, – деди Алихан Смаилов. – Жыл сайын транзиттик-контейнердик жүк ташуулардын саны өсүүдө. Бул жылы биз 2,5 млрд доллар иштөөнү пландаштыруудабыз, кийики жылда бул цифра дагы 30%га көбөймөкчү».

Бирок, анын пикири боюнча, Бирликтин ар бир өлкөсүнүн натыйжалары мындан да жакшыраак болушу мүмкүн. Ал үчүн бажы чек арасынан өткөрүүнү тездетүү, жол-жоболорду жеңилдетүү зарыл. Товарларды чек арада азыраак токтотуу үчүн тобокелдиктерди башкаруу тутумун пайдалануу зарыл.

Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары – каржы министри белгилеп өткөндөй, ЕАЭБдин жалпы логистика коридорлорун түзүү боюнча координация азырынча жетишсиз. Буга байланыштуу ал Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБдин транспорттук инфраструктурасын санариптештирүү маселесин иштеп чыгууну жана жалпы координацияны күчөтүүнү сунуш кылды. «Ошондой эле биздин өнөктөштөр менен, биринчи кезекте Азия-Тынч океан регионундагы жана Европа бирлигиндеги өнөктөштөр менен диалогду кеңейтүү зарыл. Жалпысынан биз транспорттук бөлүктү төмөндөтүүгө жана биздин транспорттук коридорлор өнөктөштөрүбүз үчүн мындан да жагымдуу болушуна аракет кылышыбыз зарыл», – деп Алихан Смаилов корутундулады. 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргызстан ЕАЭБдин бардык интеграциялык долбоорлорунда, анын ичинде автомобиль жүк ташууларын өнүктүрүүдө активдүү катышат деп баса белгиледи. Республикада товарлар, кызмат көрсөтүүлөр менен эл аралык алмашуу, анын ичинде транзиттик механизмдерди пайдалануу барган сайын активдүү стимулдаштырылууда. «Бүгүнкү күндө Бирликтин тышкы чектериндеги Кыргызстандын контролдук-өткөрүү пункттары тийиштүү инфраструктура, эксплуатациялык-текшерүү комплекстери, товарларды тездетилген режимде текшерип, аларды тышкы чек аралар аркылуу өткөрүүгө мүмкүндүк берген бардык нерселер менен жабдылган». 

Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын атаандаштык артыкчылыктары катары анын ыңгайлуу географиялык жайгашуусун, өлкө аркылуу өтүүчү жүк агымдарынын туруктуу өсүшүн, ЕАЭБ рынокторуна тике жетүүнү, өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргызстан үчүн транзит маселеси абдан маанилүү экендигин жана республика Бирликтин бул чөйрөдөгү бардык демилгелерин илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.

Россия Федерациясынын Өкмөт башчысынын биринчи орун басары – Россия Федерациясынын каржы министри Антон Силуанов Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларынын ийгилиги негизинен логистикалык жана транспорттук коридорлорду уюштуруудан көз каранды болот деген пикирин билдирди.

«Биз – эгер жалпы ЕАЭБди алсак, көлөмү жактан бир кыйла чоң экономикабыз, жана, албетте, биз транспорттун бардык турлөрүндө толугу менен жолго коюлган, натыйжалуу иштеген тутумга ээ болушубуз зарыл, – деди Россия Федерациясынын Өкмөт башчысынын орун басары. – Ал эми Россия жөнүндө кеп кылсак, анын аймагынын масштабын эске алуу менен, ансыз эч кандай олуттуу транзиттик процесстер болушу эместигин эске тутуу зарыл. Анын масштабдары транзит чөйрөсүндө өзгөчө чечимдерди кабыл алууга милдеттендирет жана өкмөттүн өзгөчө аракеттерин талап кылат».

Жыйынтыгында Антон Силуанов мындай деп баса белгиледи: «Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр – кайсы болбосун мамлекеттин ИДӨсүнүн эң маанилүү элементи. Мамлекеттин чоң өнөр жайы жок болсо да, бирок жакшы транспорттук логистикасы болсо, бул ага чоң киреше келтирет. Эгер биз бизнестин натыйжалуу иштешин кааласак, Бирликке жүктөрдүн көзөмөлдөнүшү камсыз кылынган, тоскоолдуктарсыз жана чектөөлөрү жок чөйрө керек».