Sign In
ЭКӨУ Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугуна сереп даядамакчы

ЭКӨУ Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугуна сереп даядамакчы

Фото-Жумангарин-пресс-подход-31_01_2020.jpg
31.01.20

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши 30-январда Алматада (Казакстан) Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) атаандаштык укугуна серептин жүргүзүлүшүн жактырды.

Көптөгөн жылдар бою ЭКӨУ ар кандай өлкөлөр үчүн, алардын уюмдагы мүчөлүгүнөн көз карандысыз, алардын атаандаштык саясаттарына серептерди жүргүзүп келет. Европа бирлиги, Бразилия, Перу, Россия жана Казакстан өздөрүнүн атаандаштыкты жөнгө салуу түзүмдөрүн реформалоо, күчөтүү жана мыктылоо боюнча сунуштамаларды алышты.

"ЭКӨУ менен кызматташтык бизге атаандаштык укук жаатындагы эң мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбалар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт, атаандаштык чөйрөсүндөгү эл аралык таанымал эксперттер менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет, ЭКӨУнун атаандаштык боюнча Комитетинин ишинде ЕЭКтин катышуусу үчүн негиз болот", – деди ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин.

ЕЭК министринин айтуусу боюнча, серептин натыйжалары ЕАЭБдеги атаандаштык саясаттын абалын баалоого, учурда иштеп жаткан атаандаштыкты жөнгө салуу институттарынын натыйжалуулугун текшерүүгө жардам бермекчи жана Бирликтин алкагындагы кызматташтыктын башка багыттары үчүн жакшы башат болмокчу.​