Sign In
ЕЭК министри Татьяна Валовая: “ЕЭК АКШ жана ЕС менен экономикалык кызматташуу жана ар тараптуу иш жүргүзүү жагында кеңири диалог жүргүзүүгө даяр”

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “ЕЭК АКШ жана ЕС менен экономикалык кызматташуу жана ар тараптуу иш жүргүзүү жагында кеңири диалог жүргүзүүгө даяр”

31.03.17

Татьяна Валовая, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) чет өлкөлүк ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту. Росияда Америкалык соода палатасында  чет өлкө компанияларынын жана бизнес - ассоцияциялардын, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын анын ичинде АКШ, Финляндия, Швейцария өлкөлөрүнүн 50 дөн ашык өкүлдөрү катышышты.

Татьяна Валовая өз сөзүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 2015-2016-жылдарда социалдык - экономикалык өнүүгүлөрүнүн жыйынтыктарына арнап, ЕАЭБ алкагында Комиссиянын интеграцияны тереңдетүү боюнча иши, ошондой эле Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен өз ара иш жүргүзүүлөр боюнча эл аралык иши тууралуу айтып берди. 

Татьяна Валовая чет өлкө бизнес коомчулугунун алдындагы сөзүндө Евразия экономикалык биримдиги эл аралык экономикалык мамилелердин толук кандуу катышуучусу экендигин жана ар тараптуу форматта конструктивдүү кызматташууга багытталгандыгын баса белгиледи. ЕЭК Министри жолугушууга катышуучулардын назарын “ЕАЭБга мүчө мамлекеттер 2016-жылы биринчи жолу Азия -Тынчокеан регионуна караштуу өлкөлөрдөн Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө караганда көбүрөөк импорттошконуна” көңүл бурду.

Татьяна Валовая товарлардын, кызмат көрсөтүүлөдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн бирдиктүү рынокторун түзүүгө байланыштуу маселелерди кароодо бизнес маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи. Ал ЕЭКтин Комиссияда чечимдердин кабыл алынышында ишкер чөйрөлөр менен диолог курууга жана алардын пикиин эске алууга кызыкдар экендигин тастыктады.

ЕЭК министри ЕАЭБ менен америкалык жана европалык ишкер чөйрөлөр менен өз ара өнүгүүнү өркүндөтүү тууралуу суроого төмөнкүдөй жооп берди: “Евразия экономикалык комиссиясы АКШ жана Европа союзу менен да кеңири диалог жүргүзүүгө даяр, анткени  биздин иш экономикалык маселелерге гана барып такалат жана эң оболу өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган. Америка жана европа бизнеси ыйгарым укуктуу улуттук органдар менен тиешелүү чечимдердин кабыл алынышын лоббирлей алат. Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан эч кандай тоскоолдуктар деле жок”.

Мындан тышкары, чет өлкө компанияларынын өкүлдөрү ЕАЭБнын жаңы Бажы кодексин киргизүүгө, техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун колдонуудагы системасына, Кытай менен соода- экономикалык мамилелерди өркүндөтүүгө, ошондой эле ЕАЭБ дары жана медицина буюмдарынын рыногун либералдаштырууга байланыштуу суроолорго жооп ала алышты. 

Маалымкат
Россиядагы Америка соода палатасы (АСП) - 1994-жылы Россия Федерациясында түптөлгөн чет өлкө бизнесинин алдыңкы ассоциацияларынын бири. Палата 500 гө жакын компаниялардын таламын колдогон өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюм болуп саналат. АСП мүчөлөрүнүн ичинде - Россияда иштеп жатышкан ири америка корпорациялары, ошондой эле эл аралык рыноктордо операцияларды жүзөгө ашырышкан   европа жана  россиянын ири компаниялары. АСП Россияда ишкердик иштери жана инвестициялар жана эл аралык ишкер коомчулук менен анын соода-экономикалык мамилелеринин өрчүшү үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтөт. АСП  бизнес жана АКШдагы өкмөттүк түзүмдөр менен туруктуу диалог жүргүзүп турууну колдойт.