Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү органикалык продукциялардын дүйнөлүк рыногунун 20% чейинкисин ээлей алат, анын көлөмү 2020-жылга чейин 200 млрд АКШ доллардан ашат.

ЕАЭБ өлкөлөрү органикалык продукциялардын дүйнөлүк рыногунун 20% чейинкисин ээлей алат, анын көлөмү 2020-жылга чейин 200 млрд АКШ доллардан ашат.

31.03.17

Евразия экономикалык комиссиясынын баа берүүлөрү боюнча Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө жыл сайын өсүмдүк өстүрүү үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн 2 млрд. АКШ долларынан ашык өлчөмдө ресурс сатып алууга мажбур болушкан. “Өсүмдүк өстүрүү жагында инновациялык технологиялар ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин айыл чарба натыйжалуулугун арттыруу фактору катары” деген темада 30-мартта өткөн тегерек стол маегинде импорттон көз карандылыкты кантип төмөндөтүүгө жана жеке өндүрүштү, анын ичинде органикалык продукция өндүрүүнү кантип көбөйтүүгө боло тургандыгын талкуулашты. ЕЭКтин Агро өнөр жай саясат департаменти иш- чараны уюштуручусу болгон. 

ЕЭКтин Агро өнөр жай саясат департаментинин директору Станислав Бубен талкууну ачып жатып,  ЕЭАЭБнын бардык мамалекеттери үчүн айыл чарба мурдагыдай эле стратегиялык маанилүү тармак болуп саналаарын билдирди. Айыл чарба продукциясынын ИДӨдөгү салыштырма салмагы кыйла олуттуу:  Арменияда –  17,3 %, Беларусияда – 6,7 %,  Казакстанда – 14 %,  Кыргызстанда – 7%,  Россияда –   3,9 % жакын. Мында жарымынан көбүрөөгү өсүмдүк өстүрүү продукциясынын үлүшү.

ЕЭК болжолдоолоруна ылайык  2017-2018 жылдарда ЕАЭБ боюняа айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү 2016-жылга салыштырганда  8%, экспорт – 19%, өз ара соода– 15% түзөт. Импорт   15% кыскарат. 


Ошол эле мезгилде бүтүндөй АПКда жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө бир катар чечиле элек маселелер калууда. Бул эң оболу, технико- технологиялык модернизациядан артта калуу, импорттук жогорку технологиялуу өндүрүш каражаттарынан жана ресурстардан: үрөндөн, жемден, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынан,айыл чарба жабдууларынан жана техникалардан  көз каранды болуу болуп саналат.  Акыркы беш жыл ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө  импортунун орточо жылдык көлөмү нарктык мааниде 750 млн АКШ ресурс сатып алууга мажбур болушкан. Ал эми пестициддерди алып келүү 2016-жылы  859 млн. АКШ ресурс сатып алууга мажбур болушкан. 

“Азык -түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, импортжайгаштыруу маселелери мүчө мамлекеттер үчүн стратегиялык  мааниге ээ болду. Ошону менен бирге, АПКда импортжайгаштыруунун базалык элементтери болуп, үрөн өндүрүүнү, химиялаштырууну, тамак-аш азыктарын, техникалык жана технологиялык каражаттарды жекече өндүрүүнү өнүктүрүү саналат, мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импорттон көз карандылыгы жогору,-деп белгилеп өттү Станислав Бубен. - Биз бизнес менен илимдин өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жолдорун, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду , анын ичинде чет өлкө капиталынын катышуусунда түзүү  мүмкүнчүлүгүн табууга тийишпиз.  Бул жеке инновациялык технологиялардын жана жаңычыл чечимдердин негизинде өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Тегерек стол маектин катышуучулары Евразия технологилык платформалардын катышуусу менен жогорку тнатыйжалуу технологияларды  иштеп чыгуу үчүн илимдин аракетин күчөтүүнү сунушташты. Алсак, техника менен технологияларды башкаруу үчүн спутникалык новигация системаларын пайдалануу аркылуу өсүмдүк өстүрүүдө инновациялык үнөмдөө технологияларын колдонуу, тилкелерди картага түшүрүү, жер семирткичтерди туура колдонуу өндүрүштө чыгымды азайтууга өбөлгө түзөт.

Селекция тармагында адистер сортторду селекциялык жетишкендиктердин улуттук реестрлерине киргизүүгө тиешелүү мыйзамдарды унификациялоо, сорттордун жана айдоо сапаттарын тастыкташкан документтерди өз ара таануу, ошондой эле Биримдик алкагында селекционерлердин өсүмдүктөрдүн сортторуна укугун камсыз кылуу зарылчылыгын белгилешти. Бул чарба жүгүртүүдө жогорку өнүмдүү сорттордун жана жогорку сапаттагы үрөндүн жайылтылышын тездетет. 

Мындан тышкары, Биримдикте күн карама, жүгөрү жана кант кызылчасы боюнча изилдөөлөрдүн кайталынышына жол бербөө жана бул чөйрөдөгү жетишкендиктер тууралуу маалымат алуу үчүн бирдиктүү селекциялык программаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы да белгиленген. 

Аба ырайынын өзгөрүп турушу шартында мөмө -жемиш өсүмдүктөрдү өндүрүүнүн келечектүү инновациялык агротехнологияларын талкуунун жүрүшүндө тегерек стол маекке катышуучулар географиялык маалымат системасын пайдалануу менен жерди туура пайдалануу системасын жайылтуу боюнча кооперациялык долбоорду түзүүгө даяр экендигин билдиришти. Бул мөмө - жемиштердин көчөттөрүн туура отургузуу мүмкүнчүлүгүн берет, натыйжада түшүмдүүлүк 2-3 эсеге артат, өндүрүштүн туруктуулугу камсыз кылынат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий уюмдары ортосунда өз ара иш жүргүзүү меморандумуна  кол коюу, бул багытта жасалган биринчи кадамдардын бири болуп саналат.

Картошка  жана  жем даярдоо өндүрүшүн   өнүктүрүү максатында Биримдик алкагында картошка жана топинамбур боюнча инустриалдык агротехнопарктарды түзүүнүн келечектүү экендиги белгиленген. 

Иш чара катышуучулары органикалык агрардык тармакты өнүктүрүү жана салттуу айыл чарбаны биологизациялоого өзгөчө көңүл бурушту. Эксперттердин баа берүүлөрү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү органикалык продукциялардын дүйнөлүк рыногунун 20% чейинкисин ээлей алат, анын көлөмү  2020-жылга чейин 200 млрд  АКШ ресурс сатып алууга мажбур болушкан. Бул үчүн  илимий уюмдар менен өсүмдүктөрдү коргоонун микробиологиялык каражаттарын, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоонун биологиялаштырылган жана интеграцияланган системаларын иштеп чыгуучулардын кызматташуусун өнүктүрүү зарыл.  ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштелип чыккан өсүмдүктөрдү коргоонун инновациялык каражаттарын, айрыкча курт- кумурскалардын феромондорун, наноөлчөмдөгү препараттарды, ошондой эле микрожерсемирткичтердин жаңы формаларын пайдалануу өсүмдүк өстүрүүнү экологиялаштырууга жана рынокто талап кылынган органикалык продукцияны өстүрүүгө өбөлгө түзөт.

Биримдик алкагында жарым функционалдуу биопрепарттарды, ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоонун микробиологиялык каражаттарын мамлекеттик каттоо системасын иштеп чыгуу да органикалык жер иштетүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш - чарага мамлекеттик органдардын, тармактык ведомстволордун, ассоциациялардын, илимий жана билим берүү уюмдарынын, Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бизнес коомчулуктарынын жүздөн ашуун өкүлү, ошондой эле БУУнун Европа менен Борбордук Азия, Европа бизнес ассоциациялары үчүн Азык түлүк жана айыл чарба уюмдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышышты.

Маалымат: 
Негизинен ЭТП илимий-техникалык, инновациялык жана өндүрүштүк чөйрөлөрдө кооперация механизми болуп саналат жана биримдик өлкөлөрүнүн алдыңкы бизнес уюмдарынын. Илимдин, мамлекеттин, коомдук уюмдарынын ортосундагы кызматташуу үчүүнн шарттарды түзөт.