Sign In
2020-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө аквамаданият продукцияларын өндүрүү 350 миң тоннага өсөт

2020-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө аквамаданият продукцияларын өндүрүү 350 миң тоннага өсөт

30.05.17

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө акыркы жылдары балык жана балык өстүрүү чарбасынын туруктуу өсүшү байкалууда. Жалпысынан ЕАЭБда 2016-жылы 200 минден ашык тонна өндүрүлгөн, бул эки жыл мурункуга караганда беш эсеге көп. Учурдагы абалды жана Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө аквамаданиятты өнүктүрүү келечектерин Москвада өткөн  Fish & SeaFood  эл аралык саммитинин жана   АПК үчүн VIV Russia 2017 инновациялык технологиялар көргөзмөсүнүн катышуучулары талкуулашты.

Иш- чарага Евразия экономикалык комиссиясынын, илимий мекемелердин, ЕАЭБ мамлекеттеринин балык өстүрүү жана балык иштетүү ишканаларынын өкүлдөрү катышышты.

ЕЭКтин Агро өнөр жай саясат департаментинин директорунун орун басары Айна Кусаинова ЕАЭБда макулдашылган агроөнөр жай саясаты жүргүзүлөт, Комиссия мүчө мамлекеттерде аквамаданиятты өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыкты деп белгиледи. Карп, толстолобик, ак амур деген балыктар көлмөдө өстүрүлчүлөр болуп саналат. Индустриалдык балык өстүрүү осетра, лосось, сига, сом ж.б балыктарды өстүрүүнү көбөйтүү аркылуу өнүгүүдө. Биримдик өлкөлөрүндө мамлекет аралык өз ара кызматташууну пайдаланууда аквамаданиятты өнүктүрүү Концепциясын жана бул чөйрөнү өнүктүрүү боюнча улуттук пландарды  ишке киргизүү 2020 жылы аквамаданиятты 350 миң тоннага чейин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

“Учурда мүчө мамлекеттер дүйнөлүк балык өстүрүүнүн төрт пайызга жакынын, ал эми беш пайыз - балык уулоону камсыз кылат, - деп баса белгиледи Айна Кусаинова. - Аквамаданият Арменияда көбүрөөк өнүккөн, ал балык продукциясына болгон калктын суроо талабынын 95 пайызын жабууга өбөлгө түзөт.” Россия, тескерисинче,  суроо талаптын дээрлик 96 пайызын балык уулоонун эсебинен камсыз кылат жана Беларусия, Казакстан жана Кыргызстан менен катар бул чөйрөнү өнүктүрүүдө кеңири мүмкүнчүлүгү бар.

Тегерек стол маектин катышуучулары технологияны өнүктүрүү, ресурс жана кадр менен камсыз кылуу, илимий иштеп чыгуулар , тармакты мамлекеттик жөнгө салуу сыяктуу ЕАЭБ алкагында натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзө турган маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Талкуунун жүрүшүндө жем менен камсыз кылуу, балык өстүрүү материалын өндүрүү, инновациялык технологияларды пайдалануу менен биргелешкен илимий иштеп чыгуларды жүрүзүү жагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы тууралуу сунуштар айтылды. Бул тармактын импортко көз карандылыгын да төмөндөтүшү мүмкүн.

Тегерек стол маеги бүткөндөн кийин иш чаранын катышуучулары Бисеров балык комбинатына барышып, балык өстүрүү жагындагы инвест долбоордун бирин ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйба, көлмө балыктарын өстүрүүнүн өзгөчөлүгү жана аларды соода түйүндөрүнө жыл бою сунуштап туруу тажрыйбасы менен таанышышты.   
 
Маалымат
“Евразия экономикалык биримдигинде аквамаданиятты өнүктүрүү потенциялы” тегерек стол маегин Евразия аквамаданият альянс жана “Асти Групп” көргөзмө компаниясынын катышуусунда ЕЭКтин Агроөнөр жай саясат департаменти уюштурган.