Sign In
ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директору болуп Даурен Сабитов дайындалды

ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаментинин директору болуп Даурен Сабитов дайындалды

31.07.20
Даурен Куанбекович Сабитов Т. Рыскулов атындагы Казак экономикалык университетин бүтүргөн.

2013-2017-жылдарда Казакстан Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин транзиттик саясат жана логистика департаментинин директору болуп иштеген. 

2017-жылдан 2020-жылга чейин Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин транспорт комитетинин төрагасынын орун басары болуп турган. 

2020-жылдын 31-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура департаментинин директору болуп дайындалды.​