Sign In
Тигран Саркисян Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Тигран Саркисян Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

IMG00375.jpg
31.08.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 31-августта Москвадагы «Кузьминки-Люблино» Мамлекеттик корук-музейинин аймагында өткөрүлгөн «Кыргызстан евразиялык биримдик үчүн» деп аталган этномаданий майрамда катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналып, кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан уюштурулду. 

Тигран Саркисян кыргыз элин ЕЭКтин атынан алардын башкы улуттук майрамы менен куттуктап жатып, мындай деди: «28 жыл мурда Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн жарыялады. Андан бери ал кыйынчылыктарды да, жетишкендиктерди да баштан өткөрдү. Ал эми 2015-жылы өлкөнүн тарыхында жаңы бет ачылды – Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулду. Жана бул кошулуу кыргыз элинин басымдуу бөлүгү колдогон, эң даанышман чечим болду деп ишенем. Анткени, бул Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык гүлдөшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты». 

Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин Комиссия чыгарган алгачкы жыйынтыктары кыргыз элинин тандоосунун тууралыгын күбөлөндүрөт. 

«Кыргыз Республикасы, 180 млн адамды түзгөн бирдиктүү евразиялык рынокко чыгууга мүмкүндүк берген, олутуу экономикалык пайдаларды алды, – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. – Мындан сырткары, бул Кыргызстандын жарандарына, башка мүчө-мамлекеттердин жарандарындай эле, Бирликтин бүткүл аймагында эркин орун которуштурууга, кошумча талаптарсыз жумушка орношууга, социалдык жана медициналык колдоо алууга мүмкүндүк берди. Алар кайсы жерде болбосун балдарды бакчаларга орноштуруу, мектептерде жана жогорку окуу жайларында билим алуу боюнча бирдей укуктарга ээ. Бул биздин жалпы маданий мейкиндигибиз. Жана бул биздин Бирликтин алга карай ийгиликтүү илгерилөөсү үчүн олуттуу, фундаменталдуу шарттарды түзүп жаткандыгы айкын».
Сөз
үнүн аягында Тигран Саркисян Кыргызстандын элине бакыт, тынчтык жана анын андан ары гүлдөшүн каалап өттү. 

Иш-чаранын коноктору жана катышуучулары кыргыз элинин улуттук жана маданий салттары менен таанышышты. Паркта боз үйлөрү менен этникалык короо ачылып, колдонмо искусство көргөзмөсү жана улуттук ашкана даамдарынын дегустациясы болуп өттү. Кыргыз диаспорасынын артисттери жана Москвадагы Россия жана Евразия элдеринин ассамблеясынын Маданий борборлорунун өкүлдөрү оюн-зоок көрсөтүштү.