Sign In
Евразия мейкиндигинде ЕАЭБга альтернатива жок.

Евразия мейкиндигинде ЕАЭБга альтернатива жок.

31.10.17

«ЕАЭБ – Биримдик өлкөлөрүнүн жарандары үчүн табигый жашоо мейкиндиги» Биздин милдет – алар жана бизнес коомчулук үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү. Бул адамдар, капитал, товарлар жана кызматтар эркин жылышы үчүн тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү алып салуу дегенди түшүндүрөт»  - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян.

ЕАӨБдин «Евразия интгерациясы» XII эл аралык конференциясындагы сөзүндө.

Тигран Саркисяндын сөзү боюнча буга келечекке багытталган, институционалдык реформалар аркылуу жетүүгө болот. «Санарип трансформация, көбүнчө, - бул айкын глобалдуу тренд, эгерде биз кечигип калсак, жаңы тоскоолдуктар, алып салуулар жана чектөөлөр келип чыгышы мүмкүн», - деди ЕЭК Коллегиясынын төрагасы ишенимдүү.

Күндөлүк интеграциялык процесстердин натыйжалуулугуна баа берүү менен Тигран Саркисян Евразия экономикалык комиссиясы товарлардын, кызмат көрсөтүлөрдүн, капиталлын жана жумушчу күчүнүн жалпы рыногуна өтүдө Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө болушу ыктымал болгон өзгөрүүлөрдүн макулдашылгандыгын камсыз кылуу үчүн түзүлгөндүгүнө өзгөчө көңүл бөлдү. «Биз бардык беш катышуучу өлкөнүн кызыкчылыгын чагылдырууга тийишпиз»,- деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын төрагасы. Бул үчүн Комиссия бирдиктүү бажы эрежелерин түзүү, жалпы техникалык регламенттерди, фитосанитардык жана ветеринардык талаптарды иштеп чыгуу боюнча ишин улантат. Учурда ЕЭК алектенип жаткан иштин 50% тоскоолдуктарды, алып салууларды жана чектөөлөрдү алып салууга байланыштуу. Биз бул тоскоолдуктарды жөн гана сүрөттөп тим болбостон, өлкөлөрдүн аларды четтетүү боюнча макулдашылган позициясын табууга далалаттанган «Ак китепченин» түзүлүшү» ушул жылдын чоң ийгилиги катары санагоо болот»- деп ишенет ЕЭК Коллегиясынын төрагасы.
 
«Бир эле учурда бизге интеграциянын жүрүшүн кайра ойлонуштурууга туура келет» ,- деп билдирди Тигран Саркисян.- Учурда актуалдуу милдет- ыйгарым укуктарды кеңейтүү жана буга ылайык, Комиссиянын жоопкерчилигин арттыруу. Улуттар үстүндөгү жоопкерчилигин кеңейтүү – демек, жалпы кызыкчылыкка көңүл бөлүү».

«Эгер биз бардык тараптардын кызыкчылыгын чагылдырган  улуттар үстүндөгү органды түзсөк, ал иштөөгө тийиш. Ошондуктан ыйгарым укуктары кеңейтүү зарыл. Ошону менен бирге Комиссиянын жалпы келечек үчүн жоопкерчилиги кыйла айкын болот. Ушул көз карашта Европа биримдигинин тажрыйбасы пайдалуу, ошондуктан дүйнөлүк тажрыйбада биз ушундай терең интеграциясы жага улуттар үстүндөгү органы менен экинчи экономикалык бирикме болушу  мүмкүн»- деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын төрагасы.

Комиссиянын позициясы пленардык сессиянын бардык катышуучулары тарабынан колдоого алынган. Көбүнчө, мындай институттардын ролун күчөтүү зарыл деп билдирди Стратегиялык иштеп чыгуулар борбору кеңешинин төрагасы Алексей Кудрин. Көбүнчө, ал «Россия бул деңгээлге өз суверендүү укуктарын чегерүүгө, айрым бир өз алдынчалыгынанжана улуттук эгоизминен баш тартууга тийиш».
 
ЕАӨБ башкармасынын төрагасы Дмитрий Панкиндин пикири боюнча, Биримдик өлкөлөрүнүн интеграциялык процесстерин жана экономикалык өсүшүн тездетүү үчүн ЕАЭБ ичинде тоскоолдуктарды четтетүү боюнча ишти улантуу, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара иш жүргүзүүнү өнүктүрүү жана ишканалардын тышкы рынокко чыгышын максималдуу жеңилдетүү зарыл. Мындан тышкары, Дмитирий Панкин ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда транспорттук макулдашылган саясаттын маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Биздин өлкөлөрдүн экономикаларын байланыштыра турган негизги элементтердин бири – бул жалпы инфраструктура. ЕЭК  ар бир өлкө өнүктүрө турган транспорттук долбоорлорду талдап иликтөө боюнча маанилүү жана пайдалуу ишти баштады. Учурда 30дан ашык долбоор чогултулган. Инфраструктуралык долбоорлорду интеграциялоо милдетин өтө маанилүү деп эсептейм»,- деп билдирди Дмитрий Панкин.
 
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын пикири боюнча «интеграциялык процесстердин келечеги көбүнчө Биримдик өлкөлөрү бардык глобалдуу чакырыктарга бирдикте чара көрө алышаарына жараша болот». Биргеликте гана, бир интеграциялык биримдикте гана ийгиликтүү болуп, дүйнөлүк лидерлердин ортосунда өз ордун табууга болот. Бул жарандардын жыргалчылык деңгээлин көтөрүүүгө жана евразия бизнесинин атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөөрүнө ишенет Тигран Саркисян.