Sign In
ЕЭК Министри Мукай Кадыркулов: “Бирдиктүү терезе” - бул биринчи кезекте бизнес үчүн сервис”

ЕЭК Министри Мукай Кадыркулов: “Бирдиктүү терезе” - бул биринчи кезекте бизнес үчүн сервис”

05.06.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө “бирдиктүү терезе” механизмдеринин өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүү темасы 31-майдан 1-июнга чейин Кыргызстанда өткөн эл аралык семинарда талкууланды.

Иш-чаранын демилгечилери Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Социалдык комиссиясы (БУУ ЭСКАТО) болушту.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов “бирдиктүү терезени” түзүүдө ЕАЭБ өлкөлөрү басып өткөн баскычтарга кыскача токтолду.

“Биз ЕАЭБ өлкөлөрүндө механизмди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын изилдедик, - деди ЕЭК министри. - Биздин милдет - “бирдиктүү терезе” долбоору биздин өлкөлөрдө учурда кайсыл баскычта экенин жана аны андан ары өнүктүрүү жана Биримдикте синхрондоштуруу үчүн эмне кылуу керектигин аныктоо болду. Азыр бул анализдин негизинде “бирдиктүү терезенин” “эталондук модели” иштелип чыгарылууда. “Эталондук моделди” иштеп чыгуу жөнүндө биз, биздин өлкөлөрдүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу системасында “бирдиктүү терезе” механизмин жайылтуу жөнүндө идея жаралган баскычта эле принципиалдуу макулдашканбыз”.

“Эталондук модель” улуттук “терезелерди” андан ары өнүктүрүү үчүн жалпы ориентир болмокчу. Бул келечекте улуттук механизмдер бири-бири менен өз ара аракеттешүүсү үчүн керек.  Моделди 2017-жылдын аягына чейин даярдоо болжолдонот.

“Бирдиктүү терезени” түзүү маселеси акыркы он жылдан бери актуалдуу болууда, - деп баса белгиледи Мукай Кадыркулов. - Бирок эгерде мурда мындай платформалар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын ишин оптимизациялоонун жолу катары каралса, азыр механизмдин негизги “тапшырыкчысы” бизнес болуп эсептелет. Бизнес - мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн кыймылдатуучу күчү. Ошондуктан “эталондук моделди” курууда биз ишкердик коомчулуктун суроо-талаптарын эске алабыз, “бирдиктүү терезе” алар үчүн ыңгайлуу, ишенимге татыктуу сервис болуп калышы керек”. 

Эл аралык семинардын максаты мүчө мамлекеттердин жана Комиссиянын эксперттеринин эл аралык макулдашуулар, сунуш-көрсөтмөлөр жана стандарттар туурасында маалыматын жогорулатуу, Азия-Тынч океан аймагында “бирдиктүү терезе” механизмдеринин маалыматтык өз ара иштешүүсүн уюштуруу боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин улуттук “бирдиктүү терезе” механизмдеринин мындай өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду. 

Семинардын материалдары менен ЕЭКтин бажы блогунун баракчасында таанышууга болот.