Sign In
Жибек жолунун Евразиялык электрондук соода биржасы Евразиялык кызматташтыктын Универсалдык соода-чийки зат биржасынын базасында түзүлөт

Жибек жолунун Евразиялык электрондук соода биржасы Евразиялык кызматташтыктын Универсалдык соода-чийки зат биржасынын базасында түзүлөт

06.06.17

ЕвроАзиялык кызматташтыктын Каржы-банктык ассоциациясынын (ЕАК КБА) Байкоочулук кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин Президиумунун Жибек жолунун Евразиялык электрондук товардык биржасын түзүү жөнүндө сунушун колдоду. Ассоциация бул долбоорду Евразиялык кызматташтыктын Универсалдык товардык-чийки зат биржасынын (ЕК УТЧБ) базасында жүзөгө ашыруу демилгеси менен чыгууга даяр. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков билдирди, ал Байкоочу кеңештин отурумун төрага катары биринчи жолу өткөрдү. 

“Жибек жолунун жана ЕАЭБтин демилгелерин айкалыштыруу процесси бул эки масштабдуу долбоордун ортосунда синергия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен ыкчам өнүгүү стадиясына жигердүү чыга башташты. Каржы түзүмдөрүн жана ассоциацияларды колдоо ЕАЭБтин бардык өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө карата жолдо алдыга жылуусуна өбөлгө болору шексиз”,- деп билдирди Тимур Жаксылыков.  Ал эскерте кеткендей, быйылкы жылдын февралында Бишкекте Жибек Жолунун Эл аралык соода палатасы жана ЕАЭБтин Ишкер кеңеши Жибек жолунун Евразиялык электрондук товардык биржасын түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Ассоциациянын Казакстан Республикасындагы элчилигинин жетекчиси, ЕАК КБА президентинин кеңешчиси Алексей Смоляковдун айтымында, ЕК УТЧБ өзгөчөлүгү болуп, бул учурда биржалык механизм жана мультивалюталык режимде клирингдик өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү механизми бириктирилгендиги эсептелет. Россиянын жана Казакстандын банктарынын кошулуусу биржалык бүтүмдөрдү үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыздады. Алексей Смоляков айтып бергендей, сооданын катышуучуларынын эсептик бетэсептерди ачуу менен ЕК УТЧБнын кеңири филиалдык тармагы түзүлүүдө. Бул келишимдерди өз валютасында төлөөгө мүмкүндүк берет, ал эми трансчек аралык төлөмдөрдү жана конвертацияны биржа өзү жасайт. Валюталардын тизмегин кеңейтүү жана филиалдык тармакты өнүктүрүү боюнча милдеттерден тышкары, ЕК УТЧБ алдында тобокелдерди хедждөө инструментин түзүү боюнча максат турат. Алексей Смоляков Евразия рыногунун бардык катышуучулары бирдиктүү электрондук биржалык аянтчаны түзүүгө кызыкдар экендигин белгилеп өттү.

Ошол учурда ЕК УТЧБ бүтүмдөрүнүн көлөмү акыркы убакытта байкалардык өстү. Биржанын филиалдык тармагынын жетекчиси Егор Иванковдун маалыматы боюнча, 2016-жылы соода аянтчасында Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу өлкөлөрүнүн ээлик кылуучу субъекттеринин ортосунда жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү 4 млрд рублду түзгөн, ал эми быйылкы жылдын акыркы беш айында айланым 6 млрд рублга жеткен.

Бүгүнкү күндө бүтүмдөр негизинен Россиянын жана Казакстандын субъекттеринин ортосунда түзүлүүдө. Отурумдун жыйынтыктары боюнча, Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда борбордук контрагенттик функцияларга ээ болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча иштерди улантуу чечилген, ЕК УТЧБга республикалардын чакан жана орто бизнесинин ээлик кылуучу субъекттеринин жеткилигин жөнөкөйлөтүү үчүн. Бул соодалардын көлөмүнүн жогорулашына жана соодаланган товардык номенклатуралардын кеңейишине алып келет.

Ошондой эле отурумдун жыйынтыктары боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларына инновацияларды иштеп чыгаруу жана киргизүү  жана эмгек рыногунда квалификацияларды баалоону уюштуруу үчүн “Жогорку технологиялардын трансфертинин борбору” долбоорун өнүктүрүүнү активдештирүү чечими кабыл алынган. 

Маалымат
ЕвроАзиялык кызматташтыктын Каржы-банктык ассоциациясы (ЕАК КБА) 2013-жылдын 11-сентябрында катталган. Анын уюштуруучулары болуп Казакстан Республикасынын Банктар ассоциациясы, Россиянын Аймактык банктарынын ассоциациясы, Тажикстандын Банктар ассоциациясы, Казакстандын Финансисттер ассоциациясы, ШКУ Ишкер клубу, МКПП Финансылык корпорациясы, КМШ Финансылык-банк кеңеши эсептелет.  Ассоциациянын КЭРде, Сингапурда, БАЭде, Болгарияда, Түштүк-Чыгыш Европада, Беларуста, Казакстанда, Россиянын аймактарында өкүлчүлүктөрү бар. ЕАК КБА мүчөлөрү жана өнөктөштөрү болуп каржылык сектордун 40 ашык түзүмү эсептелет. 

Ассоциациянын максаты - бизнес-долбоорлорду тандоонун жана жүзөгө ашыруунун, инвестициялык долбоорлордун Евразиялык банкын түзүүнүн жүрүшүндө банктар аралык коммуникацияларды түзүү, банктар аралык кызматташтыкты калыптандыруу жолу менен ШКУ, БРИКС, ЕАЭБ, ЕС өлкөлөрүндө Ассоциациянын мүчөлөрүнүн улуттук финансылык рынокторунун катышуучуларынын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

“Евразиялык кызматташтыктын Универсалдык соода-чийки зат биржасы” АК (ЕК УСЧБ) 2013-жылдын 10-декабрында негизделген, башкы кеңсеси Казакстанда жайгашкан. “ЕК УСЧБ” АК коммерциялык экспорттук-импорттук бүтүмдөрдү жана ички рыноктогу бүтүмдөрдү түзөт, ошондой эле биржалык товарлардын тизмеси боюнча мамлекеттик сатып алууларды өткөрөт. Электрондук система ар кандай өлкөлөрдүн бардык компаниялары үчүн сооданын ар кандай ыкмаларын өткөрөт (классикалык соодалашуулар, стандарттык аукцион, кош утурлама аукцион, коммерциялык сунуштарды сурамжылоо жана салыштыруу). 

Бүгүнкү биржада 50 брокердик фирмалар аккредитацияланган. Биржанын Казакстан боюнча төрт филиалы бар, анын өкүлдөрү Россияда да иштешет. Биржанын уставдык капиталы 500 000 АКШ долларын түзөт.  Казакстандын Улуттук банкы “ЕК УСЧБ” АК акцияларын чыгаруунун мамлекеттик каттоосун жүргүзгөн.