Sign In
Санарип күн тартиби жана максималдуу интеграциялык потенциалга ээ тармактарды колдоо: Евразий өкмөттөр аралык кеңешти корутундусу

Санарип күн тартиби жана максималдуу интеграциялык потенциалга ээ тармактарды колдоо: Евразий өкмөттөр аралык кеңешти корутундусу

07.03.17

7-мартта Бишкекте  Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБтин  өкмөт башчылары  Евразия экономикалык биримдигинин 2017-жылдагы негизги иш  багыттарын талкуулашты. Санарип күн тартиби, машина курууну колдоо, өз ара сооданын абалына, реалдуу сектор тармактарына жана жогоку интеграциялык потенциалга ээ  кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө баа берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусия Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казахстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков отурумду ачуу менен Биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрүн  евразия мейкиндигинде бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көңүл бурууга чакырды. “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгеекчилерин жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимге кол коюу, Санарип мейкиндигин түзүү стратегиясын кабыл алуу, өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жана демилгелерин ишке ашыруу, ЕАЭБ кызмат көрсөтүү рынокторун либералдаштыруу жана башкалар Биримдиктин ишинин башкы аспектилери болууга тийиш.  Учурда өкмөт башчылары ЕЭКке улутутк өкмөттөр менен биргеликте  кыска мөөнөт ичинде Жогорку кеңештин төрагасы - Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгелерин ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын даярдоону сунушташты”-деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян  ЕЭКтин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн жалпы рунокторду түзүү, өз ара сооданы өнүктүрүү жана бардык чөйрөлөрдө кооперация үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө глобалдуу чакырыктарды жана коркунучтарды четтетүүгө өбөлгө түзөт деп билдирди. “2017-жылы бирдиктүү экономикалык мейкиндикти андан ары оцифровкалоо, жогорку интеграциялык потенциалга ээ тармактарды өнүктүрүү, бизнес иши үчүн тоскоолдуктардын санын кыскартуу жана Биримдик өлкөлөрүндө өндүрүлгөн продукцияны үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна  экспорттоо үчүн тоскоолдуктардын санын кыскартуу маселелери Комиссия ишиндеги негизги артыкчылыктар болуп саналат. Бул иш багыттар биздин бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, анын технологиялык компетенциясын жогорулатууга жана биздин өлкөлөрдө инвестициялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт” - деп билдирди Тигран Саркисян өкмөт башчыларына.

Санарип күн тартиби
ЕЭК алдында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги астында 2025-жылга чейин ЕАЭБ санарип күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ага Биримдиктин ар бир өлкөсүнүн бул багыттын ишке ашырылышына жооптуу министрликтер кирет.
Жакынкы учурда мүчө мамлекеттер ЕЭКке кандай багыттар артыкчылыктуулардын катарына кирээри, ал эми кайсы долбоорлор ЕАЭБнын жалпы санарип күн тартибинин алкагында ишке ашырылаары тууралуу сунуштарын беришет.

ЕАЭБнын интеграциялык потенциалы
Өкмөт аралык кеңештин мүчөлөрү Комиссия менен Биримдик өлкөлөрүнүн жогорку интеграциялык потенциалга ээ экономика чөйрөлөрүн аныктоо боюнча биргелешкен ишинин натыйжаларын карашты. Бул иш Биримдиктин Экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу максатыда мамлекет башчыларынын тапшыруусу боюнча жүргүзүлгөн.
Интеграциянын драйвери болуп саналышы мүмкүн болгон 300гө жакын товардык позиция жана кызмат көрсөтүү бир катар критерийлердин, анын ичинде импорт жайгаштыруу потенциалынын, өз ара сооданын жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттун өсүшүнүн, кошумча нарк чынжырчасынын калыптанышынын, экономика үчүн мультипликативдүү эффектини камсыз кылуунун негизинде бөлүнүп көрсөтүлгөн.
Жогорку мультипликативдүү  эффектиси менен тармактардын катарына машинакурууну, металлургияны, химияны жана мунайхимияны, транспортту жана байланышты киргизүүгө болот. “Келечектин технологиялары” - 100дөн ашык позиция өзүнчө категорияга бөлүнгөн, булардын өнүгүшүнө Биримдик өлкөлөрү өзгөчө көңүл бурушат.  Бул маалыматтык технологиялар, жаңы материалдарды, нано-жана биотехнологияларды иштеп чыгуу, медицина жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө инновациялар, энергоүнөмдөө технологиялары, анын ичинде “акылдуу” түйүндөрдү өнүктүрүү жана  башкалар.

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өз ара соода: алгылыктуу болжолдоо
Өкмөт аралык кеңеш Комиссия тарабынан даярдалган мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара сооданын абалы тууралуу баяндаманы карап чыкты. Анда экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү белгиленген. Көбүнчө 2016-жыл өз ара сооданын айкын көлөмүнүн өсүшү, нарктык көрсөткүчтөр динамикасынын, өз ара соода  түзүлүшүнүн жакшыруусу, тышкы соода жүгүртүүдө анын үлүшүнүн өсүшү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө товарлар импортунун кыскарышы менен мүнөздөлөт. Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө Армениядан товарлар экспорту 1,5 эсеге, Беларусиядан 2,2%га, Кыргызстандан 4,4%га өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн машина куруу өндүрүшүн колдоо
Өкмөттөр аралык кеңеш үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна тракторлорду, комбайндарды, бастырма механизмдерин жана ЕАЭБда өндүрүлгөн айыл чарба техникаларынын башка түрлөрүн экспорттоону демилгелөө үчүн биргелешкен чараларды ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Экспорттук тобокелдиктерди камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу механизмин, экспортук каржылоо программасын өнүктүрүү, техникалык тейлөө боюнча тейлө түйүндөрүн түзүүнү демилгелөө сунушталууда.

Биримдик өлкөлөрүндө импортжайгаштырууну колдоо жана айыл чарба техникаларынын тетиктерин - электрондук компоненттерди, кыймылдаткычтарды, тарнсмиссияларды, гидравлика элементтерин, мостторду жана бакшаларды өндүрүү жаңы технологияларды өздөштүрүүгө ана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт. Сунушталган  чаралардын ичинен - өндүрүштүк кубаттулуктарды модернизациялаган ишканаларды колдоонун ар кандай формалары, көбүнчө жеңилдетилген шарттарды жабдуулар лизинги.

“Айыл чарба үчүн жабдууларды чыгаруу боюнча өндүрүштү уюштуруу сыяктуу чечимдер, евразия интеграциясынын натыйжалуулугун жогорулатуудагы мыкты мисал болушат. Премьер- министрлер өз ара жана үчүнчү өлкөлөргө соодада экспорттук потенциалды арттыруу боюнча координацияланган аракеттер тууралуу чечим кабыл алышты.

Өкмөт аралык кеңештин кийинки отуруму ушул жылдын май айында Казанда болот.