Sign In
ЕЭК министри Вероника Никишина: “Соода-экономикалык кызыкчылыктар протекционизмди күчөтүүгө эмес, сооданын шарттарын жана инвестициялык кызматташтыкты жакшыртууга багытталышы керек”

ЕЭК министри Вероника Никишина: “Соода-экономикалык кызыкчылыктар протекционизмди күчөтүүгө эмес, сооданын шарттарын жана инвестициялык кызматташтыкты жакшыртууга багытталышы керек”

07.09.17

Евразиялык интеграция 6-7-сентябрда Владивостокто (Россия) өткөн үчүнчү Чыгыш экономикалык форумунун негизги темаларынын бири болду. “Ири Евразия” долбоорунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ролу, Биримдиктин соода саясатынын өнүгүүсү жана Россиянын ишкер коомчулугу үчүн анын мааниси талкууланды.

“Аймактын өлкөлөрүнүн ири Евразиянын мейкиндигинде өнүгүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү боюнча биргелешкен күч-аракеттери рыноктордун биригүүсүнө, өсүүнүн булактарын колдоого максималдуу деңгээлде өбөлгө түзүшөт, алар бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономиканын жайлашы уланган жана деглобализацияга карата мүмкүн бурулуунун жаңы тенденциялардын шарттарында суроо-талапка ээ”, - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Вероника Никишина, “Ири Евразия өнөктөштүгү - келечекке багытталган, биргелешкен өнүктүрүү мейкиндигин кантип кеңейтүү керек” панелдик дискуссиясында сүйлөгөн сөзүндө. - Евразия экономикалык биримдиги бул процессте салмактуу ролду ойнойт, жалпы өнүгүү үчүн кызматташтык идеологиясын илгерилетүүчү флагмандардын арасында”.

Дискуссиянын катышуучулары дүйнөлүк интеграциялык процесстерде аймактын ролун, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы экономикалык байланыштарынын өнүгүүсүн жана деглобализация жана регионализация тренддери күчөгөн шарттарда соода-экономикалык мамилелердин келечегин талкуулашты.

“Россиянын Азияга дарбазалары: Алыскы Чыгыш АТР интеграциялык демилгелеринде” панелдик дискуссиясына катышууда Вероника Никишина ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүү тректерин координациялоонун маанилүүлүгүнө, ошондой эле ойлонулган соода саясатынын жардамы менен дүйнөлүк соода системасына Биримдиктин интеграциясына көңүл бурду.  ЕЭК министри АТР өлкөлөрү менен макулдашуулар үчүн сүйлөшүү күн тартибин түзүүдө алыскы чыгыш аймагынын ишкер коомчулугунун ролун өзгөчө белгиледи жана бизнести бул процесске жигердүү катышууга чакырды: “Биз соода макулдашууларын түзүүдө аймактык кызыкчылык айкын экенин көрүп турабыз, алыскы чыгыш аймагынын геолокациясы экспортту анын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги таянычы катары кароого мүмкүнчүлүк берет. Бүтүндөй сүйлөшүү процесси бизнестин кызыкчылыктары менен башкарылышы керектиги эч ким үчүн жашарын сыр эмес. Бул теорияда. Ал эми иш жүзүндө cүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчүлөр ишкер коомчулук мындай кызыкчылыкты жетишсиз түшүнүүсүнө жана коммуникациялардын кечигүүсүнө туш болушат.

ЕЭК министри белгилегендей, акыркы жылдары АТР аймагындагы негизги оюнчулардын бири - АКШнын соода саясатынын приоритеттеринин өзгөрүүсүнө байланыштуу жаңы тенденциялар пайда болгон. Америкалык риторикада “адилеттүү соода” термини көп колдонулууда, ал сооданы жөнгө салуу эрежелерин протекционизм тарапка өзгөртүү мүмкүндүгү менен байланышат. Мындай саясаттын акыркы мисалдарынын бирине байланыштуу - ушул жылдын апрелинде АКШда алюминийдин импортуна байланыштуу башталган иликтөөгө - Вероника Никишина бул иликтөө “Дүйнөлүк соода уюмунун азыркы эрежелеринин туруктуулук көз карашынан алып караганда Пандора кутусун ачты” деп билдирди.

Дискуссиянын жыйынтыктары боюнча ЕЭК министри аймакта инвестициялык күн тартиптин өнүгүүсүнүн улануусуна үмүтүн билдирди: “Соода-экономикалык кызыкчылыктар кандай болгон учурда да басымдуулук кыларына, жана чоң Евразиянын алкагында да, аймактар аралык форматта да соодалык өз ара иштешүүлөр ачык экономикалык мейкиндиктердин түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө багытталышына, ал эми алардын алкагында протекционизм эмес, соода жана инвестициялык-экономикалык кызматташтыктын шарттары жакшырышына ишенгибиз келет”.

Форумдун талааларында Вероника Никишинанын Корея Республикасынын соода министри Ким Хён Джон жана Ирандын РФтеги Элчиси Мехди Санаи менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. ЕЭК министри ошондой эле Индия Республикасынын өнөр жай жана соода министри Нирмала Ситхарамандын катышкан индиялык делегация тарабынан уюштурулган жолугушууга катышты. Жолугушууларда тараптар соода-экономикалык мамилелердин учурдагы статусун талкуулашты, анын ичинде кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын жана форматтарын.

Вероника Никишинанын сөздөрү боюнча, кызматташтык талкууланган өлкөлөрдүн ар бири менен сүйлөшүүлөрдүн жекече форматтары каралууда: преференциалдык макулдашуулардан баштап, биргелешкен кызыкчылыктын долбоорлорун жүзөгө ашырууга чейин.