Sign In
9-Май - биздин өлкөлөрдүн тарыхындагы уулу күн

9-Май - биздин өлкөлөрдүн тарыхындагы уулу күн

09.05.17

Урматтуу кесиптештер, достор!

9-Май - биздин өлкөлөрдүн тарыхындагы уулу күн.  Согуштун төрт жылы жүрөк сыздаткан жоготууларга жана улуу жеңиш бакытына, жеңилүүлөрдүн ыйына жана жеңиштердин сыймыгына, тайманбас эрдиктин жана биздин элдердин биримдигинин мисалдарына толгон.  

Бардыгыбыз үчүн Жеңиш Күнү - бул кайраттуулуктун, туулган жерин, жакындарын жана туугандарын бир катарга туруп коргоонун, өлүмдөн коркпостон, өмүр үчүн бардык душманды жеңе билүүнүн  негизги символу! 

Согуш алып келген азаптар эч качан кайталанбашы керек деп ишенем. Ошондуктан, Жеңиш Күнү - биз тынчтыкта жашаш үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшашыбыз керектиги, макулдашып жана биздин элдерди жана өлкөлөрдү бириктирген нерселерди издешибиз керектиги жөнүндө эскертүү. 

Жеңиш Күнүңүздөр менен! 
Үйүңүздөргө жана үй-бүлөлөрүңүздөргө тынчтык каалайм!

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы 
Тигран Саркисян