Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

26-январдагы ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары
26 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Кеңешинин отуруму 26-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында болуп өттү. Интеграциялык өз ара аракеттешүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды. Ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо, соода жана өнөр жай саясат тармагында бир катар чечимдер кабыл алынды, Өкмөт аралык жана Жогорку Евразия экономикалык кеңештерде кароо үчүн документтердин долбоорлору жактырылды. ​

Россия ЕАЭБде төрагалыгынын демилгелерин жүзөгө ашыруу механизмдери Минскте талкууланды
26 Январь | Интеграция жана макроэкономика

“2018-жылга Россиялык төрагалыктын демилгелери, ЕАЭБ өнүктүрүү логикасын улантып жана кеңири интеграциялык күн тартиптин маселелеринин жаңы тобун “бөлүп көрсөтөт” ,”- деп Евразия экономикалык комиссиясын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно, 25-январда Минскте Евразия экономикалык биримдигинде төрагалыкты Россия Федерациясына өткөрүүгө арналган тегерек столдо чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.​

ЕЭК министри Карине Минасян: “Өнөктөштүктү кеңейтүү, компетенцияларды топтоо жана бириктирүү- ЕККУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын ачкычы”
25 Январь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Өнөр жай кооперациясы, транспорттук коридорлор, өндүрүмдөрдүн, жүктөрдүн, товарлардын санариптик көзөмөлдөнүлүшү сыяктуу чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптик инфраструктуралардын байланышын жогорулатуу жана ишеним мейкиндигинин өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен санариптик долбоорлор, жогорку технологиялар тармагында Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюмунун (ЕККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өз ара аракеттенүүсү үчүн база болуп калат.​

ЕЭК бажылык башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүдө
24 Январь | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 23-январда бажылык башкаруу, техникалык жөнгө салуу, соода саясаты жана ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, Кытайда өндүрүлгөн полимердик каптоосу менен металлопрокатка демпингге каршы алымдын колдонулушу узартылды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри түзүлөт, ошондой эле эмгекчилерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсияларды дайындоо жана төлөө үчүн керек болгон маалымат алмашуу жолго коюлат. Бирдиктүү санитардык талаптардын ичинен тартылуучу тамеки буюмдарга карата талаптар алынып салынган, ошондой эле тартылбаган тамеки буюмдарын өндүрүүдө пайдаланууга жол берилбеген жыпар жыттуу жана даам бергич заттардын тизмеги толукталды.​

ЕАЭБдин спутниктик орбиталдык топту түзүү боюнча иштеринин планы кабыл алынды
22 Январь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин бириккен орбиталдык спутниктик тобун түзүү Жерди алыстан байкаштыруу (ЖАБ) системасын өнүктүрүү боюнча мамлекет аралык программанын иш-чараларынын тизмегине кирди. Бул бирикмеге, улуттук космостук программалардын алкагында түзүлгөн, буга чейин колдонулган космостук аппараттар, ошондой эле Биримдиктин өлкөлөрүндө иштелип чыгуучу жана ишке киргизилүүчү келечек үлгүлөр киргизилет. ​

«ЕАЭБ – Камбоджа» бизнес-форуму ЕАЭБ жана Камбоджанын ортосундагы кызматташууга жаңы түрткү берет
18 Декабрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Биринчи «ЕАЭБ – Камбоджа 2017» бизнес-форумун ЕАЭБ жана Камбоджа мамлекеттеринин кызматташуусунун жаңы этабынын негизги башталышы деп эсептөөгө болот деп ишенет, Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Россия-Сингапур ишкер кеңештин соода үйүнүн колдоосунда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) жана Камбоджа өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган иш-чара, биринчи жолу алты мамлекеттин бизнесинин өкүлдөрүн чогултту. Форумдун жүрүшүндө кызматташтыктын тутумдук маселелери жана өз ара инвестициялардын өсүү мүмкүнчүлүктөр талкууланды.​

Адамкул Жунусов: «Эксперттердин сунуштары Биримдиктин жалпы энергетикалык рыногун түзүүдө пайдаланылат»
15 Декабрь 2017 | Энергетика жана инфраструктура


Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Энергетика департаментинин жана энергия үнөмдөө, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу тармагындагы уюмдардын россиялык Улуттук тармак аралык биримдигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен билдирүүсүнө, «Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин энергиялык коопсуздук, энергия үнөмдөө, энергиялык натыйжалуулук жана экология тармагында отун-энергетикалык комплексин талдоо жана алардын келечеги» илимий-тажрыйбалык конференциясынын жүрүшүндө кол коюлду.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​

Тигран Саркисян КМШ экономикалык кеңешинин отурумуна катышты
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетинин чакыруусу менен Москвада болуп өткөн, КМШ Экономикалык кеңешинин 76-отурумуна катышты.​

Санариптик технологиялар тышкы соода процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнгө жардам берет
14 Декабрь 2017 | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Жаңы технологиялык түзүлүштүн жалындагы бирдиктүү терезе» трансчегаралык кагазсыз соода боюнча эл аралык конференциясында, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов Улуттук механизмдерде соңку жаңы маалымат технологиялардын, анын ичинде Big data, берилмелердин булуттук чечимдерин жана өтмө иштетүүлөрүнүн «бирдиктүү терезесин» колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билдирди. ​