Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБте айыл чарба продукциясын жүгүртүү жагында талаптарды унификациялоо жана илимий-инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү пландаштырууда
22 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин катышуучулары мал чарбачылыгынын жана үрөнчүлүктүн жүгүртүлүшү чөйрөсүндө унификациялоо маселелерин, Евразия экономикалык бирлигинде биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди (ИИТКИ) жүргүзүүнүн артыкчылыктарын, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты. Отурум 21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камаляндын төрагалыгы астында өттү.

ЕЭК ЕАЭБ алкагында өнөр жай курулуш чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүдө
22 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык кызматташтык - өнөр жай курулуш чөйрөсүндө ички рынок үчүн да, тышкы рынокторго чыгуу үчүн да эң келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Бул туурасында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян "Өнөр жай курулушу экономикалык өсүштүн драйвери" панелдик талкуусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

ЕАЭБте айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрү менен электрондук соода үчүн шарттар түзүлөт
21 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 20-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана төлөө эрежелери жөнүндө макулдашууну жактырды. Документ мамлекет ичиндеги макулдашууларды жүргүзүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

ЕАЭБте органикалык продукциянын бирдиктүү рыногу түзүлөт
21 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырды.

ЕЭКтин өнөр жай блогу медициналык колдонуу үчүн дарыларды өндүрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууда
16 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

15-октябрда Геленджик шаарында өткөн "БИОТЕХМЕД" V ар жылдык форумунун алкагындагы онлайн-конференциясынын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин катышкан өлкөлөрдүн дары каражаттарынын жүгүртүү жаатындагы иш-аракеттеринин кооперациясын талкуулашты. Форум салттуу түрдө федералдык жана аймактык башкармалыктардын башчыларын, ири жана орто бизнестин, мамлекеттик өнүгүү институттарынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, жеке инвесторлорду, Россия Федерациясынын ишкерлерин бириктирет.

ЕЭК коронавирус пандемиясынын шартында ЕАЭБ алкагында металлургия тармагын колдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын тизмесин даярдоодо
15 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

COVID-19 коронавирус пандемиясын эске алуу менен металлургия тармагынын абалы, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жогорку деңгээлде иштетилген металл продукцияларына суроо-талапты өбөлгөлөө боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу, ашыкча кубаттуулуктардын көйгөйү, металлургия өндүрүшүнүн энергетикалык натыйжалуулугу, ошондой эле тармакты чийки зат менен камсыздоо жана биргелешкен кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маселелерди 15-октябрда II Металлургия тармагында Евразия тармактык конференциясынын катышуучулары Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында талкуулашты. Комиссиянын өнөр жай блогу уюштурган иш-чара видеоформатта өткөрүлдү.

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте "жашыл" транспортту өнүктүрөт
15 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Коронавирус пандемиясына байланыштуу оор экономикалык шарттарда автомобиль куруу бизнесин жүргүзүү маселелерин 13-октябрда Москвада жыл сайын өтүүчү 23-Россиялык автомобиль форумунун катышуучулары талкуулашты.

ЕЭК учкучсуз айыл чарба техникасын өнүктүрүү боюнча "Жол картасын " түзүүгө киришти
08 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты боюнча департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян «Агросалон – 2020» эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнүн алкагында тегерек столдо билдирди.

ЕЭК айыл чарба машиналарын куруу чөйрөсүндө кооперацияга жана экспортко дем берүүнүн жаңы механизмдерин түзөт
08 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай саясатынын маанилүү артыкчылыктары болуп айыл чарба машиналарын куруу чөйрөсүндө биргелешкен кооперациялык долбоорлорду өнүктүрүү жана колдоо саналат. Анын ичинде ЕАЭБ аймагында өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана каржы жана финансылык эмес колдоонун жаңы механизмдерин колдонуу менен тышкы рынокторго Евразиялык продукцияны активдүү жайылтуу үчүн Биримдиктин интеграциялык потенциалын колдонуу. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты боюнча департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян «Агросалон – 2020» эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнүн алкагында профилдик конференциясында билдирди.

ЕЭК министрлери Армениянын бизнес-коомдоштугу менен жолугушуу өткөрүштү
08 Октябрь | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Техникалык жөнгө салуу

8-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министрлери Андрей Слепнев, Тимур Жаксылыков, Артак Камалян, Гегам Варданян жана Виктор Назаренко, ошондой эле Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян Армениянын Экономика министрлигинин чоң залында Армениянын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушту.