Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде европалык инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну пландаштырышууда
27 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Европалык бизнестин өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти. ЕАЭБде өз кезегинде инвестициялар үчүн жаңы секторлорду ачууну жана инвесторлордун режимин жөнгө салуу эрежелерин жакындатууну пландаштырышууда. 22-ноябрда VI Москва эл аралык каржылык-экономикалык форумунда ишкерлер Европа бирлигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.

ЕАЭБдин бизнесин ЕБ менен биргелешкен диалогду түзүүгө чакырышты
22 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты | Соода

VI Москва эл аралык каржы-экономикалык форумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногунун европалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана ЕАЭБдин жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү талкуулашты. Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина жана Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков катышышты.

ЕЭК КНС алуу тутумун өркүндөтүү үчүн ведомстволор аралык электрондук сервистерди киргизүүнү сунуш кылууда
22 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Москвада КМШга катышкан өлкөлөрдүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин (СКЖКК) отурумунда билдирди.

ЕЭК жана Евразия борбордук депозитарийлер ассоциациясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
19 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

14-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын каржы рыноктору боюнча Консультативдик комитети жана Евразия борбордук депозитарийлер ассоциациясы (ЕБДА) кызматташтык жөнүндө меморанду​мга кол коюшту. Меморандумга ЕЭК тараптан Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков, ЕБДА тараптан – Ассоциациянын төрагасы Ваган Степанян кол коюшту.

Тимур Жаксылыков ЕАЭБде жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгү тууралуу билдирди
15 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

"Евразия экономикалык бирлигинин окуу жайлары тарабынан бирдиктүү экономикалык мейкиндикте өздөрүнүн билимин колдонууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистердин даярдалышы – Бирликтин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу үчүн негизги кадамдардын бири болуп саналат", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереван мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн лекциясынын жүрүшүндө билдирди.

Тимур Жаксылыков: "Биздин иште интеграциялык аракеттерибизди жана пландарыбызды түзөтүү үчүн ишкердик коомдоштуктардан үзүгүлтүксүз түрдө кайтарым байланыш алып туруу абдан маанилүү"
13 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

"Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүнүн бизнесинин катышуусусуз, мамлекеттик органдардын жана Евразия экономикалык комиссиясынын гана аракеттери менен, евразиялык интеграциянын аяккы таасирлерине жетишүү мүмкүн эмес", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 13-ноябрда Ереванда ЕЭК делегациясынын Армения Республикасынын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.

ЕАЭБде контрафакттык продукцияны көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тутумун түзүү сунушталды
12 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) болуп өткөн "Антиконтрафакт-2019" эл аралык форумунун отурумунда контрафакттык продукцияны алып келүү, өндүрүү жана сатуунун, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилеринин Интернет тармагында мыйзамсыз таратылышынын аныкталган учурлары жөнүндө маалыматты каттоонун бирдиктүү тутумун түзүүнү сунуш кылды.

Армениянын алдыңкы университеттеринин биринин өкүлдөрү ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча ЕЭКтин иши тууралуу билишти
12 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

11-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаева Россия-Армян университетинин студенттеринин, аспиранттарынын жана мугалимдеринин алдында лекциясы менен чыгып сүйлөдү.

ЕАЭБде Интернет тармагындагы контрафакт менен күрөшүү боюнча ишти активдештирүүдө
12 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

2016–2018-жылдар аралыгында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө 50 миллиондон ашык контрафакттык товарлар жүгүртүүдөн алынды. Мыйзамсыз продукциянын жана пираттык контенттин көлөмдөрүнүн өсүшү көбүнчө Интернет-сооданын өнүгүшүнө байланыштуу болууда. Санариптик чөйрөдөгү контрафакттык продукция жана пираттык контент менен күрөшүүнүн механизмдерин өркүндөтүү маселеси 12-13-ноябрда Ереванда өтүп жаткан "Антиконтрафакт-2019" Эл аралык форумунун "ЕАЭБдеги интеллектуалдык менчик: контрафактсыз келечек" деп аталган секциясынын ишинин жүрүшүндө негизги талкуу темасы болду.

ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү механизмдери жөнүндө айтып беришти
07 Ноябрь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн «МЖӨ жана инвестициялоонун ESG факторлору» Биринчи эл аралык форумунда катышышты.