Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде дары-дармектердин биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөөрдү жүргүзүү эрежелери толукталды
04 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши дары-дармек препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү бекитти. Алар дары-дармек препараттарынын жергиликтүү колдонуу үчүн маздар, гелдер жана кремдер сыяктуу топторунун, ошондой эле аракети узартылып кийинкиге калтырылган таблеткалардын жана капсулалардын бирдей натыйжалуулугун жана өз ара алмаштыруучулугун тастыктоо үчүн бирдиктүү мамилелерди белгилөөгө мүмкүндүк берген эки жаңы тиркеме менен толукталды.

Баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү Бирликтин өлкөлөрүндөгү биржалык сооданы активдештирет
03 Сентябрь | Экономика жана каржы саясаты

Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги уюшулган тооруктартарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жана анын иштөө маселелерин талкуулашты. Аталган отурум Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы штаб-квартирасында видеоконференция режиминде ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында болуп өттү.

ЕЭК жана Россиянын Федералдык бажы кызматы евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки багыттарын аныктаган стратегиялык планды даярдоодогу мамилелерди талкуулашты
03 Сентябрь | Бажы кызматташтыгы

Келишпестиктерди жана талаш жагдайларды жоюу жана Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) товарлардын эркин өткөрүлүшүн камсыз кылуу маселелери боюнча Комитеттин кезектеги отурумунун алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Олег Панкратовдун жана Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Давыдовдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК делегациясы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл койду
03 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Комиссиянын министрлери жана департаменттердин директорлору 3-сентябрда Москвадагы Александр багындагы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл коюу аземинде катышышты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жана РФ ФЖ Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун жолугушуусу
02 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

2-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуусу болуп өттү.

Михаил Мясникович Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады
31 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады.

ЕЭК жана АСЕАН Кызматташтык программасын 2025-жылга чейин узартышты
28 Август | Интеграция жана макроэкономика

28-августта Евразия экономикалык комиссиясы АСЕАНдын экономика министрлеринин жолугушуусунда катышты. Иш-чарада комиссияны интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян өкүлдөдү.

ЕЭКте ЕАЭБге алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу маселелери талкууланды
28 Август | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

27-августта Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жетекчилиги астында Көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мунай жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасы" 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынмакчы
28 Август | Энергетика жана инфраструктура

ЕЭК Коллегиясына караштуу Мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү 27-августта Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мунай жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасын" талкуулашты. Тараптар документтин долбоору менен макул болушту жана аны ЕЭК Кеңешинде жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде андан ары кароо жөнүндө макулдашылган чечим кабыл алышты. Документти 2020-жылдын аягына чейин бекитүү пландаштырылууда.

ЕЭК министри Гегам Варданян: "Чексиз жумуш" издөө тутуму" эмгек миграциясын эсепке алуу маалыматтык тутумунун сервистеринин бири болуп калышы мүмкүн"
28 Август | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында ишке ашырылып жаткан "Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген издөө тутуму" деп аталган долбоордун аткарылышы жөнүндө отчётту көрсөттү.