Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК бажылык жөнгө салууну өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык планын даярдоонун алкагында ТЭИ катышуучуларын сурамжылоодо
19 Октябрь | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясы бажылык жөнгө салууну өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык планын даярдоонун алкагында тематикалык изилдөө жүргүзүүдө. Анын максаты бажылык тескөө-башкаруунун жана жөнгө салуунун учурдагы өнүгүүсүн, ошондой эле аны Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде өркүндөтүү перспективаларын талдоо болуп саналат.

ЕЭК менен Перу кызматташтык пландарын талкуулашты
16 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы менен Перу Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын багыттарын жана форматын ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Перунун Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуан Хенаро дель Кампо Родригес 14-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында талкуулашты.

ЕЭКтин өнөр жай блогу медициналык колдонуу үчүн дарыларды өндүрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууда
16 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

15-октябрда Геленджик шаарында өткөн "БИОТЕХМЕД" V ар жылдык форумунун алкагындагы онлайн-конференциясынын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин катышкан өлкөлөрдүн дары каражаттарынын жүгүртүү жаатындагы иш-аракеттеринин кооперациясын талкуулашты. Форум салттуу түрдө федералдык жана аймактык башкармалыктардын башчыларын, ири жана орто бизнестин, мамлекеттик өнүгүү институттарынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, жеке инвесторлорду, Россия Федерациясынын ишкерлерин бириктирет.

ЕЭКте ЕАЭБдин жалпы зергерчилик рыногу чөйрөсүндөгү чечимдердин бизнес долбоорлоруна тийгизген таасирине баа берилди
16 Октябрь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министри) Тимур Жаксылыков жетектеген Жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ 15-октябрда ЕЭКтин зер буюмдарынын, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу, ошондой эле бажылык башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдеринин долбоорлорун карады.

ЕЭК коронавирус пандемиясынын шартында ЕАЭБ алкагында металлургия тармагын колдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын тизмесин даярдоодо
15 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

COVID-19 коронавирус пандемиясын эске алуу менен металлургия тармагынын абалы, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жогорку деңгээлде иштетилген металл продукцияларына суроо-талапты өбөлгөлөө боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу, ашыкча кубаттуулуктардын көйгөйү, металлургия өндүрүшүнүн энергетикалык натыйжалуулугу, ошондой эле тармакты чийки зат менен камсыздоо жана биргелешкен кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маселелерди 15-октябрда II Металлургия тармагында Евразия тармактык конференциясынын катышуучулары Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында талкуулашты. Комиссиянын өнөр жай блогу уюштурган иш-чара видеоформатта өткөрүлдү.

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте "жашыл" транспортту өнүктүрөт
15 Октябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Коронавирус пандемиясына байланыштуу оор экономикалык шарттарда автомобиль куруу бизнесин жүргүзүү маселелерин 13-октябрда Москвада жыл сайын өтүүчү 23-Россиялык автомобиль форумунун катышуучулары талкуулашты.

ЕЭК тоскоолдукту жоюуга - Казакстан Республикасынан мүчө мамлекеттерге кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого чектөөнү алып салууга чакырды
15 Октябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

13-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө Казакстан Республикасын кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕАЭБ статистикасы стратегиялык өнүгүүгө жана санариптештирүүгө багытталган
14 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

2021-жылга карата статистикалык иштердин программасы жана статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын алдын-ала планы 14-октябрда өткөн отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Статистика боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү тарабынан макулдашылды. Эки документ тең 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын жана ЕАЭБдин санарип күн тартибинин практикалык имплементациясы болуп саналат.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко кесиптештерин Дүйнөлүк стандарттар күнү менен куттуктады
14 Октябрь | Техникалык жөнгө салуу

Урматтуу кесиптештер!
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик ишмердүүлүгүн стандартташтыруу тармагы менен байланыштырган бардык жетекчилерди жана адистерди Дүйнөлүк стандарттар күнү менен куттуктайм!

ЕАЭБ 2021-2022-жылдар мезгилинде тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жаңы "жол картасын" түзө баштады
13 Октябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасы боюнча, өлкөлөр 2021–2022-жылдары четтетүүнү пландаштырган алып коюулардын жана чектөөлөрдүн тизмесин түзөт.