Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Михаил Мясникович Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады
07 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары
02 Октябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

1-2-октябрда өткөн отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун кайра иштеп чыгууну карап чыгып, Стратегия-2025 долбоорунун дагы 28 пункту боюнча макулдашты.Буга чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары документти жалпысынан жактырып, катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө анын кем жерлерин иштеп чыгууну тапшырган.

ЕЭК бизнес менен санариптик күн тартибин ишке ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдөн өнөктөштөр менен соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады
02 Октябрь | Соода

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен Бизнес-диалогдун 27-жолугушуусу болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепневдун төрагалыгы алдында өткөн иш-чарага ЕЭКтин кызмат адамдары, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин компанияларынын жана бизнес-бирикмелеринин, ошондой эле ЕАЭБдин ишкер ассоциацияларынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда санарип кол тамганы колдонуу менен документ жүгүртүүнү уюштуруу программасын бекитти
02 Октябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 29-сентябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) интеграцияланган маалымат тутумунун ишенимдүү үчүнчү жак кызматынын тастыктоо борборун сынамык иштетүү программасын бекитти.

ЕАЭБ коронавируска каршы күрөшүү үчүн арналган бир катар товарлардын бажы алымсыз алынып келинишин узартат
02 Октябрь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана токтотуу үчүн колдонулган бир катар товарларга алып келүү бажы алымдарынан бошотуу мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 1-октябрынан 31-мартына чейин узартылды.

Гоар Барсегян: "Пандемия интеграциялык бирикмелердин деңгээлиндеги координацияланган аракеттердин зарылчылыгын көрсөттү"
01 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясы жана АСЕАНдын Катчылыгы "ЕАЭБ-АСЕАН: каатчылык шарттарында интеграциялык өнүгүүнү колдоо үчүн өлкөлөрдүн ийкемделүү механизмдери" деп аталган тегерек столду өткөрүштү. Талкуунун модератору ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян болду. Аталган иш-чара "Россиянын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн COVID-19га каршы аракеттенүү жана экономикаларды калыбына келтирүү боюнча чаралары" деп аталган семинардын алкагында орун алды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Молдова менен товар жүгүртүүсү үч жылдын ичинде 34%га өстү
01 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин жана Молдова Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү өзүнүн натыйжаларын берүүдө: 2016-2019-жылдардын ичинде товар жүгүртүү 34,4%га өсүү менен, 1,9 млрд АКШ долларына жеткен. Экспорт 36,5%га, 1,4 млрд долларга чейин өскөн, ал эми импорт – 29%га, 481,5 млн долларга чейин. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 1-октябрда Россия-Молдова соода-экономикалык кызматташтык форумунда билдирди.

ЕЭК Кеңеши Стратегиялар-2025 долбоорунун дагы 28 пунктун макулдашты
01 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 1-октябрдагы отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуунун жүрүшүн карап чыкты.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти
01 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 1-октябрда өткөрүлгөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2020–2021-жылдарга карата негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.