Sign In
Жаңылыктар

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды бекитти
01 Октябрь | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 1-октябрда өткөрүлгөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2020–2021-жылдарга карата негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Олег Панкратов: "Пандемиянын башталышынан тартып, ЕАЭБдин органдары Бирлик мейкиндигинде экономикалык туруктуулукту сактоого жардам берип келишет"
30 Сентябрь | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү COVID-19 пандемиясына биргелешип каршы туруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат. Бул туурасында Коллегиянын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Олег Панкратов 30-сентябрда болуп өткөн "Евразия экономикалык бирлиги COVID пандемиясынын шарттарында: реалийлер, көйгөйлөр жана интеграциянын келечеги" эл аралык тегерек столдо билдирди. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси менен "Евразиялык интеграцияны илгерилетүү фонду" КФ менен биргеликте уюштурулду.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен Австрия Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Йоханнес Айгнердин жолугушуусу болуп өттү
30 Сентябрь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Австрия Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын келечегин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Австрия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Йоханнес Айгнер талкуулашты. Жолугушуу 30-сентябрда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өттү.

"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди
30 Сентябрь | Техникалык жөнгө салуу

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы аларды ыктыярдуу негизде колдонуу "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (ББ ТР 018/2011) талаптарын аткарууну камсыз кылган стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК Беларусь Республикасында гречка акшагына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартууну макулдады
30 Сентябрь

29-сентябрдагы отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Беларусь Республикасында гречка акшагынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартууну макулдады.

ЕЭК Министри Гегам Варданян: "Проактивдүү ченемдик жөнгө салуу - Бирликтин санариптик долбоорлорун өнүктүрүүнүн драйвери"
30 Сентябрь | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ИT-бизнеси индустрияны ченемдик жөнгө салууда мамлекеттердин проактивдүү колдоосуна муктаж, деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян "Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы" (ЦИПР 2020) конференциясынын алкагында өткөн "Санариптик платформалар: экономика үчүн конструктор" пленардык отурумунда.

ЕАЭБ өлкөлөрү брокерлерге жана дилерлерге бири-биринин уюштурган тооруктарына катышууга мүмкүнчүлүк беришет
29 Сентябрь | Экономика жана каржы саясаты

29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бир мүчө-мамлекетинин брокерлерин жана дилерлерин Бирликтин башка өлкөлөрүнүн соода уюштуруучуларынын биржаларында уюштурулган тооруктарга катышууга уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнө кайрадан мамлекеттин ичинде макулдашуу үчүн жөнөтүлөт.

ЕЭК микротолкундуу мештер үчүн магнетонго импорттук алымдын ченин нөлгө түшүрдү
29 Сентябрь | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы микротолкундуу мештер үчүн комплекттөөчү катары колдонулган магнетрондорго карата алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө чейин азайтуу чечимин кабыл алды. Чара 2023-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу негизде киргизилет.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнө темир жол транспорту үчүн өнөр жай продукциясын өндүрүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштайт
29 Сентябрь | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн темир жол транспорту үчүн өнөр жай продукциясын өндүрүү чөйрөсүндө биримдик деңгээлинде кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну баштайт. Бул туурасында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева Казакстандын машина куруучуларынын VIII форумунун профилдик секциясынын отурумунда билдирди.