Sign In
ЕЭК Коллегиясынын отурумунда антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды жана техрегламенттин долбоору жактырылды

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды жана техрегламенттин долбоору жактырылды

11.05.17

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 11-майдагы отурумунда кытайлык жана украиналык металлургиялык ишканалар тарабынан өндүрүлгөн металлпродукциясынын кээ бир түрлөрүнө карата антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды, өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарына техрегламенттин долбоорун жактырды, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн профессионалдуу спортчуларын үчүнчү өлкөлөрдүн спорттук легионерлерине теңдеген чектөөлөрдү четтетүүнү сунуштады, товарлардын классификациясы боюнча чечим кабыл алды.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагына киргизилген украиналык болоттон жасалган ысык тапталган бурчектерге карата 37,89 % өлчөмүндө алдын ала антидемингдик алым киргизди. Антидемпингдик чаранын иштөө мөөнөтү - төрт ай. Биримдик өлкөлөрүнүн Бажы органдарына чечимди аткарууну камсыздоо тапшырмасы берилди.

ЕАЭБ Комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаменти Украинада жасалган бурчектерге карата антидемпингдик иликтөөнү төмөнкү россиялык бир катар ири металлургиялык ишканалар тарабынан берилген арыздарды кароонун жыйынтыктары боюнча өткөн жылдын август айында баштаган:  Батыш-Сибирь, Нижнетагил, Магнитогорск металлургиялык комбинаттары, ошондой эле “Северсталдын” эки ири ишканалары. Иликтөөлөр ЕАЭБ жөнүндө келишимдин үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча жоболоруна ылайык өткөрүлгөн. 

Жыйынтыгында ЕЭК ЕАЭБ аймагына “Азовсталь”, Енакиев металлургиялык заводдору жана башка украиналык өндүрүүчүлөр өндүргөн товарга демпингдик импорт аныктаган. Биримдикке импорттоодо демпингдик пайда 37,89 % өлчөмүндө аныкталган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн металлургиялык тармагына олуттуу материалдык зыян келтирилген. Мисалы, тармактагы өндүрүштүн көлөмү 14,4 %га, сатуунун көлөмү - 11, 8 %га, пайда - 50,3 %га, негизги каражаттарды пайдалануудан киреше - 2,5 эсе төмөндөгөн.

Андан тышкары, 2018-жылдын февраль айынын аягына чейин КЭРде өндүрүлгөн жана ЕАЭБге киргизилген полимердик жабуусу бар металлопрокатка карата антидемпингдик чараны, антидемпингдик кайра иликтөөнү өткөрүүгө байланыштуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Иликтөөнүн башталышы жөнүндө билдирүү ЕАЭБ расмий сайтында жайгаштырылган жана төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://goo.gl/Zq2pdo​.


ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарына карата талаптар жөнүндө” техникалык регламентинин долбоорун жактырды. Документ өрт өчүрүү автомобилдеринин, тепкичтердин, өрт автоматика системаларынын, өрт өчүргүчтүн, дем алуу органдарын жекече коргоо каражаттарынын жана башка өрт жабдууларынын жана механизмдеринин коопсуздугуна талаптарды аныктайт. Ал адамдын өмүрүн жана саламаттыгын, мүлктү жана айлана-чөйрөнү өрттөн коргоо максатында иштелип чыгарылган. Техрегламенттин жооптуу иштеп чыгуучусу - Россиянын ӨКМи. Документтин долбоору боюнча биримдик мыйзамдары менен каралган бардык процедуралар өткөрүлгөн, анын ичинде мамлекет ичиндеги макулдоо жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө ачык талкуу. Долбоор метрологиялык жана укуктук экспертизадан өттү. Техрегламентти Биримдиктин беш өлкөсүнүн вице-премьерлеринин чечими менен ЕЭК Кеңешинин жакынкы отурумдарынын биринде кабыл алуу пландаштырылган.

Биримдик өлкөлөрүндө аларга каршы ар кандай укук колдонуу тажрыйбасы түзүлгөн товарлардын классификациясы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.  Атап айтканда, сыя куюлган чачма принтер үчүн картриджди ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 8443 99 900 0  подсубпозициясында классификациялоо чечилген. Глазурланган же глазурланбаган фасаддык керамикалык плитка ЕАЭБ ТЭИ ТН 6907 товардык позициясында классификакцияланышы керек.

“Картофелдин ботвасын алуучу” товарына карата ЕАЭБ ТЭИ ТН 8433 59 субпозициясында классификация аныкталган. Кийим үчүн тиричилик буулагыч ЕАЭБ ТЭИ ТН 8516 товардык позициясында классификацияланат, ал эми ар кандай ингредиенттер кошулган катык менен даярдалган туздалган-кургатылган балык - ЕАЭБ ТЭИ ТН 1604 позициясында классификацияланат. Чечимдер расмий жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана ЕАЭБтин бардык өлкөлөрүнүн аймагында колдонуу үчүн милдеттүү болот. Бул чечимдер Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарына аталган товарларды классификациялоодо бирдиктүү ык-амалдарды колдонууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда ЕАЭБ жөнүндө келишимди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн спортчу-легионерлери үчүн аныкталган сандык чектөөлөрүн четтетүү жагында аткаруу зарылчылыгы туурасында Биримдиктин мүчө мамлекеттерин кабарландыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.  Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнөн чечим күчүнө кирген убакыттан тарта он күндүк мөөнөттө Биримдиктин өлкөлөрүнөн профессионалдык оюнчуларга карата аныкталган чектөөлөрдү четтетүүгө багытталган чаралар туурасында маалымдоону өтүнөт.

Азыркы учурда ЕАЭБтин бардык мүчө мамлекеттеринде Биримдик өлкөлөрүнүн жарандарына алар үчүнчү өлкөлөрдүн спортчуларына теңештирилген шарттар таркалат жана “лимиттелген чектөө” деп аталган шарттарга туш болушат.

Анткен менен, ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, катышуучу өлкөлөр ЕАЭБ эмгекчилерине карата улуттук эмгек рыногун коргоо үчүн киргизилген жана чет элдик жумушчуларга карата колдонулган чектөөлөрдү аныкташы жана колдонушу керек. ЕЭК чечими жөнүндө кененирээк төмөнкү шилтеме аркылуу караңыз:  https://goo.gl/wZ3NT2​