Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары Виген Енокян "Курулуш чөйрөсүндөгү өнөр жай саясаты" деп аталган конференцияда Евразия экономикалык бирлигиндеги техникалык жөнгө салуу тутуму жана аны евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын эске алуу менен өнүктүрүү, ошондой эле "Санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоору жөнүндө айтып берди. Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги тарабынан уюштурулган бул иш-чара Екатеринбургда "Иннопром-2021" 11-чи Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында болуп өттү.
Конференциянын катышуучуларына курулуш тармагынын продукциясына бирдиктүү милдеттүү талаптардын тутумун жана Бирликте курулуш материалдарынын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча иштердин планы көрсөтүлдү.
Курулуш материалдарын жана буюмдарын жүгүртүүгө чыгаруунун бирдиктүү милдеттүү талаптарына жана эрежелерине өтүү товарларды эркин өткөрүү принцибин ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Беш өлкө үчүн "бир сыноо – бир тастыктоочу документ" механизми киргизилет, – деп белгиледи Виген Енокян. – Бул өндүрүүчүлөр жана бизнес үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин бирдиктүү рыногунда курулуш продукциясын жүгүртүүгө чыгаруу боюнча чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт жана курулуш чөйрөсүндөгү техникалык жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет".
Россия Федерациясынын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Ирек Файзуллин курулуш чөйрөсүндөгү учурдагы мыйзамдарды актуалдаштырууну жана иштердин мөөнөттөрүн кыскартуу үчүн бизнес-процесстерди санариптештирүү аркылуу имараттарды жана курулмаларды куруу процесстерин оптималдаштырууну сунуш кылды.
Россия Федерациясында регионалдык жана федералдык деңгээлдеги ири курулуш долбоорлорун ишке ашыруу учурдагы курулуш практикасындагы ченемдөө тутуму артка тартуучу фактор экендигин жана ыкчам түрдө реформалоону талап кылышын көрсөттү. Мындай пикирин Түтүк Металлургиялык Компаниясынын (ТМК) директорлор кеңешинин төрагасы, Синара Тобунун президенти, Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) башкаруу бюросунун мүчөсү Дмитрий Пумпянский билдирди. Буга байланыштуу техникалык жөнгө салууда кошумча жана параллелдүү ченемдөөнү болтурбоо зарыл.
РӨИБдин өнөр жай саясаты жана техникалык жөнгө салуу боюнча комитети Россиянын Курулуш министрлиги жана Евразия экономикалык комиссиясы менен тутумдук ишти түздү. Мындай өз ара аракеттенүү улуттан жогорку деңгээлде жана Россиянын мыйзамдарынын алкагында жөнгө салынуучу маселелерди чектөө үчүн керек.
Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Ученов конференциянын катышуучуларынын көңүлүн 2016-жылы Россия Федерациясында цементти милдеттүү түрдө сертификаттоо киргизилгенден тарта контрафакттык продукциянын үлүшү эки эсе кыскаргандыгына бурду. Ошентип, милдеттүү талаптарды белгилөө сапатсыз контрафакттык продукциянын рынокко келип түшүүсүнүн алдын алуунун натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат, ал эми бул курулуш объектилеринин сапатынын жогорулашына алып келет.